ЖАҢЫ ОКУУ МАТЕРИАЛДАРЫ — БУЛ ЖӨН ГАНА ОКУУ КИТЕПТЕРИ ЭМЕС, БУЛ ОКУУ-МЕТОДИКАЛЫК КОМПЛЕКСТЕР
- 10.06.2025
- 0
Комплекске жумушчу дептерлер, аудио жана видео контент, ошондой эле мугалимдер үчүн методикалык колдонмолор кирет. Комплекстер билимди практикалык колдонууга, критикалык ой жүгүртүүнү жана окуучулардын мотивациясын өнүктүрүүгө багытталган. Материалдар мамлекеттик жана эл аралык стандарттарга ылайык иштелип чыгууда. Бул тууралуу маалымат жыйынында агартуу министринин орун басары Н.Жусупбекова билдирди.
2025-жылы жаңы окуу китептерин басып чыгарууга мамлекет тарабынан 744 млн сом бөлүнгөн. 1–11-класстар үчүн кыргыз жана орус тилдеринде окуу китептеринин толук комплекси 2026–2028-окуу жылдарына чейин толук камсыздалат.
- 3–9-класстар үчүн англис тили боюнча 1 262 420 даана окуу китептери 272,7 млн сомго басылып чыкты.
- Улуу Британиянын элчилигинин колдоосу менен кошумча 158 700 даана китеп дээрлик 25 млн сомго басылып берилди.
- 1-, 2-, 5- жана 7-класстар үчүн математика жана жаратылыш таануу боюнча окуу китептеринин экспертизасы аяктоо алдында турат.
- Россиянын Билим берүү министрлиги менен биргеликте 1, 2, 5 жана 7-класстар үчүн орус тили жана адабияты боюнча окуу китептери адаптацияланып жатат.
Г.А., “КБ”
Бөлүшүү
Комментарийлер