ЖАҢЫ ОКУУ КИТЕПТЕРИ МЕКТЕПТЕРГЕ ТАРАТЫЛУУДА
- 12.08.2026
- 0
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу «Окуу китеби» басма үйү тарабынан 12 жылдык билим берүү программасына ылайык даярдалган жаңы окуу китептери жана окуу-усулдук материалдар Жети-Өгүз районуна этап-этабы менен жеткирилип келүүдө.


Бул жолу 3-класстын «Табигый илимдер» окуу китебинин II бөлүгү жана 3-класстын «Математика» окуу китебинин иш дептерлери районго келип, бардык мектептерге бөлүштүрүлдү.
Бүгүнкү күнгө карата районго төмөнкү сандагы окуу китептери жеткирилди:
Кыргыз тилдүү мектептер үчүн – 32 280 окуу китеби;
Орус тилдүү мектептер үчүн – 15 923 окуу китеби.
Жалпы – 48 203 окуу китеби райондогу билим берүү уюмдарына жеткирилди.


Жаңы муундагы окуу китептери окуучулардын сапаттуу билим алышына, мугалимдердин окутуу процессин натыйжалуу уюштуруусуна жана 12 жылдык билим берүү системасын ийгиликтүү ишке ашырууга өбөлгө түзөт.
Г.А., “КБ”