ЖАҢЫ МУУНГА ЖАҢЫ ОКУУ-УСУЛДУК КОМПЛЕКСТЕР

  • 15.03.2018
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги 5-6-класстар үчүн 32 аталыштагы жаңы муундагы окуу китептерин массалык басууга даярдоодо. Үч миллиондон ашуун китептер окуу жылы башталганга чейин бардык мектептерге жеткирилет. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри 12-мартта №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейинде өткөн мультимедиалык комплекстердин бет ачар аземинде билдирди.  

ЖАҢЫ МУУНГА ЖАҢЫ ОКУУ-УСУЛДУК КОМПЛЕКСТЕР

Бул окуу китептер жана кошумча окуу материал катары даярдалып жаткан мультимедиалык комплекстер Дүйнөлүк банктын “Билим берүү тармагында реформаларды колдоо” долбоорунун алкагында ишке ашууда. Окуу китептеринин бардыгы апробациядан өтүп бүттү.

ЖАҢЫ МУУНГА ЖАҢЫ ОКУУ-УСУЛДУК КОМПЛЕКСТЕР

  • Бул биз үчүн өтө кызыктуу жана баалуу долбоор. Анткени мектептер окуу китептери менен 83% камсыз болгону менен, фонд жаңыланбай жатат. Талап боюнча беш жылда бир жолу китептер, стандарт, окуу планы жаңыртылып турушу керек. Тилекке каршы, каражаттын тартыштыгынан бизде бул талап аткарылбай келет. Китептерди жаңыртуу үчүн жыл сайын алты жүз миллион сом талап кылынса, болгону бюджеттен 120 млн. сом алабыз. Ошондуктан премьер-министр жоопкерчиликти өз мойнуна алып, окуу китептерин ижарага берүү чечимин чыгарды. Кандай карабайлык, бул туура чечим болду деп эсептесек болот, — дейт министр Г.Кудайбердиева.

 

 

IBilim.kg сайты мугалим менен окуучунун чоң жардамчысы

ЖАҢЫ МУУНГА ЖАҢЫ ОКУУ-УСУЛДУК КОМПЛЕКСТЕР

Жети сабак боюнча кошумча окуу материал катары даярдалып жаткан мультимедиалык комплекстер Билим берүү жана илим министрлигинин тапшыруусу менен “Таалим форум” коомдук фонду тарабынан иштелип чыгып, Кыргыз билим берүү академиясынын эксперттик баалоосунан өттү. Сайттын материалдары башталгыч класстардын мугалимдери жана окуучулары үчүн кошумча билим берүү ресурстары катарында сунуш кылынат. Материалдарды тажрыйбалуу программисттер, IT адистер жана кеңешчилердин тобу иштеп чыгышты. Материалдар on-line жана off-line версиясында кыргыз жана орус тилдеринде сунуш кылынууда. Аны мугалимдер дагы, окуучулар дагы эч кандай катталуусу жок эле акысыз жана эч кандай программаларды жүктөбөстөн пайдалана алышат.  Материалдарды интерактивдүү доскада, компьютерде, ноутбукта, планшетте жана смартфон менен ачып көрүүгө болот. Сайттан эки тилдеги көптөгөн видеоматериалдарды, кеңири аудиотеканы, интерактивдүү тесттерди жана көнүгүүлөрдү, дүйнө таанымды кеңейтүүчү кызыктуу фактыларды табууга болот. Бул эң чоң көлөмдөгү материалдардын контенти республикада түзүлүп жаткан 60 инновациялык мектептин электрондук китепканасына дагы жүктөлөт. Бул жактан интернетке кошулбаган мектептер флеш-карталарга жүктөп кете алышат.

  • Жети сабак боюнча бардык темалар мамлекеттик стандарттын негизинде жөнөкөй жана жеткиликтүү түшүндүрүлөт. Бул материалдар окуучу үчүн дагы мугалим үчүн дагы абдан пайдалуу. Мугалимдер үчүн сабакты чыгармачылык менен түшүндүрүүгө жардам берип, сабакты өздөштүрүүнүн кызыктуу жана пайдалуу жолдорун ачса, окуучу үчүн жаңы материалды өз алдынча үйрөнүүгө, сабакка даярданууга, билимин бекемдөөгө жана дүйнө таанымын кеңейтүүгө шарт түзөт. Ата-энелер үчүн дагы баласынын сабакты өздөштүрүүсүнө жардам берүү мүмкүнчүлүгүн ачат. Мультимедиялык материалдарды Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарындагы жана республикадагы 10 шаардагы, 12 райондогу мектептерде презентацияладык. Бирок аймактардагы көбүнчө мектептерде интернет жок болгондуктан, мугалимдердин жана окуучулардын мүмкүнчүлүгү чектелүү болуп калууда. Мугалимдердин компьютерди колдонууну билбегендиги дагы орчундуу маселе, — дейт  “Таалим форум” коомдук фондунун директору Алмагүл Осмонова.

Сайттын негизги каармандары Билимай жана Илимбек окуучуларга сабакты  оюн түрүндө жеткиришет. Ар бир сабактын өзүнчө шаблону жана түстөрү түзүлгөн. Сабактар музыка менен коштолот.

Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер