ЖАҢЫ МУУНДУН ЖАҢЫ КОНЦЕРТИ

  • 01.06.2021
  • 0

Кечээ “Балажан” республикалык эстетикалык тарбия окуу-усулдук борборунун өнөрлүү балдары “Биз жаңы муунбуз!” аталышындагы концертин тартуулашты. Баш калаабыздагы Т.Сатылганов атындагы филармонияда өткөн концерт 1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө, Кыргызстандын эгемендикке ээ болгонуна 30 жыл толгондугуна жана “Балажандын” 35 жылдыгына арналды.

Жарык дүйнөгө келген ар бир балада өзгөчө өнөр бар, булактын көзүн ачкандай, ошол өнөрдү ачып, өстүрүү ата-энелердин, анан “Балажан” сыяктуу чыгармачыл борборлордо эмгектенишкен устаттардын милдети, эмгеги. Бала мектептен билим алса, чыгармачыл чөйрөдө шык-жөндөмүн арттырса, анын дүйнө таанымы кенен, жан дүйнөсү жарык болоору анык.

Борбордун директору Дарья Мусина белгилегендей, “Балажанда” эмгектенишкен чыгармачыл топ балдардын табитин өстүрүү багытында тынбай изденишип, балдарынын өзгөчө талантын көргүсү келген ата-энелердин кыялдарын ишке ашыруу милдетин аткарып келишет.

ЖАҢЫ МУУНДУН ЖАҢЫ КОНЦЕРТИ

— Бүгүн ушул сахнада өз өнөрлөрүн тартуулап жатышкан таланттуу, толеранттуу, демилгелүү, интеллектуалдуу балдарыбыз – биз күткөн, биз каалаган жаркын келечекти түптөөчү жаңы муундун өкүлдөрү. Биздин мээримибизге, камкордугубузга бөлөнгөн шыктуу балдарыбыздын шыгын арттырып, алардын индивидуалдык өнүгүүсүн жаңы бийиктикке карай өстүрүүгө бар аракетибизди жумшай бермекчибиз” – деди.

Концертти уюштуруучулардын айтымында, бул күнү көрөрмандар үч жаштан 17 жашка чейинки миңден ашык таланттуу балдардын музыкалык, сценалык жана спорттук багытындагы өнөрлөрүнө күбө болушту. Концерттин программасына Кыргызстанда жашаган 30дан ашык ар түрдүү улуттардын чыгармалары камтылып, балдар улут аралык достукту өнөр сересинде бекемдөөгө өз салымдарын кошту десек болот.

ЖАҢЫ МУУНДУН ЖАҢЫ КОНЦЕРТИ

«Кыз бурак», «Эрке сары», «Оп майда», «Сардал кыз», «Ысык-Көл» деген аталыштагы кыргыздын улуттук бийлери менен бирге, ар түрдүү улуттардын – орус бийи, якут бийи, бухар бийи, испан бийи сыяктуу кызыктуу номурлар көрөрмандардын кызуу кол чабуусуна арзыды.

ЖАҢЫ МУУНДУН ЖАҢЫ КОНЦЕРТИ

1986-жылы түзүлгөн “Балажан” РЭТОУБда балдар көркөм жана декоративдик-прикладдык искусство студияларында билим алышып, музыкалык жана сахналык чыгармачылык сырларын, компьютердик сабаттуулукту жана ошондой жана чет тилдерди окушат.

Айнагүл Кашыбаева,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер