ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫНА 36 ЖАҢЫ МЕКТЕП ДАЯР

  • 23.08.2023
  • 0

2023-жылдын аягына чейин колдонууга бериле турган 100 мектептин тизмесиндеги 36 мектеп 1-сентябрда окуучуларын тосуп алууга даяр болду. Республиканын 22 районунда мектептердин курулуш иштеринин жыйынтыктоочу иштери ыкчам жүрүп жаткан кез.

 2023-2024-окуу жылына карата мекенибиздин булуң-бурчундагы бардык билим берүү мекемелери менен катар жаңы салынып бүткөн мектептер дагы кызуу даярданып жатат. Класстар, айнектер жуулуп, окуучулардын парталары, стеллаждары, столдору, отургучтары жана класстык тактайчалары орнотулуп, курулуш таштандыларын чыгаруу, жашыл аянтчаларды тазалоо иштери күч алды.

Жаңы окуу жылына карата салынып бүтө турган мектептердин тизмесине кирген Тогуз-Торо районундагы Чет-Булак айылынын М.Абдыжапаров атындагы орто мектебинин курулуш иштери бүтүп, окуучуларын тосуп алууга даярдык көрүп турган учур. 1-сентябрда окуучулар эле эмес, мугалимдер, ата-энелер жана коомчулук жаңы мектептин имаратынын бүткөнүнө кубанып турат, анткени өрттөн жабыркаган эски мектепке окуу көптөгөн кыйынчылыктарды жаратып келди эле.

-Министрдин биздин мектепке келип кетиши биз үчүн абдан чоң таасир калтырды. Өзгөчө жакындан таанышып, мугалимдердин ал-акыбалын сурап, сыйлык берүү буга чейин болгон эмес. Жөнөкөйлүгү, туура багыт берип, шыктандырганы, ийгиликтерди каалаганы – адамгерчилиги бийик адам экенинен кабар берет. Мектебибиздин курулушуна жакшы баа берип, компьютер алууга сертификат тапшырды. 1-сентябрга чейин фойе, кабинеттерибиздин ички жасалгаларын бүткөрүп, илине турган стенд, жарнактарды жайгаштырып, ачылышына даяр болуп калдык, — дейт мектеп директору Жылдыз Орозова.

ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫНА 36 ЖАҢЫ МЕКТЕП ДАЯР

 

Бишкек шаарынын №18 мектебинде дагы өзгөчө кубаныч: себеби мурда окутуу үч сменде жүргүзүлүп, окуучуларга, мугалимдерге абдан көп оңтойсуздуктарды жаратып келген кичинекей имаратка кошумча корпус салынды.

-Мурдагы окуу имаратынан айырмаланып, бул корпус заманбап жылытуу тутуму жана ичинде орнотулган санузел менен камсыздалды. Кошумча имарат эки кабаттан туруп, 225 орунга эсептелген 910 чарчы метр аянтты ээлейт. Азыр сырткы санитардык иштерди бүткөрүп, Бишкек шаардык мэриянын билим берүү департаменти тарабынан берилген мектеп эмеректерин класстарга жайгаштырып жатабыз, — дейт мектептин директору Аймира Абжанбекова.

ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫНА 36 ЖАҢЫ МЕКТЕП ДАЯР

Ал эми Жайыл районунун Сосновка айылындагы мектепке дагы башталгыч класстар үчүн 250 орундуу кошумча корпус салынды. Мектептин директору Б.Рысалиеванын айтымында, мектептин имаратынын курулушу 2015-жылы “Мамкурулуштун” 58млн сомдук долбоору менен башталган. Учурда ички-сырткы жумуштары  толук бүткөрүлүп, трансформатордук подстанция коюлуп, жашылдандыруу иштери жүрүп жатат. Мектеп эмеректер менен жабдылып жатат жана 1-сентябрга карата толук даяр болуп, ишке берилет.

100 мектептин катарында Ысык-Ата районунун Покровка айылындагы №2 Баранова атындагы мектепке 225 орундуу кошумча корпус, ошондой эле 150 орундуу Ивановка айылындыгы башталгыч мектептери салынып бүттү.

Айта кете турган нерсе, бул райондо 100 мектептин тизмесинде болбосо да, 1-сентябрга карата дагы бир мектеп ачылды. Катар кайрымдуулук уюму тарабынан Новопокровка айылына 250 орундуу, эки кабаттуу, 15 класстык бөлмө, медициналык пункт жана санитардык бөлмөдөн турган башталгыч мектептин проекти өтүп, бүгүнкү күндө салынып бүттү. Класс кабинеттер тазаланып, жасалгалоо иштери жана проектте камтылган эмеректер киргизилип жатат.

-2023-2024-окуу жылына карата салынып бүткөн мектеп өзүбүз үчүн дагы чоң белек болуп олтурат. Мектептин ичи заманбап, ар бир кабинетте ысык-муздак суу чыккан раковина орнотулган, туалет мектептин ичинде жайгашкан, жылытуу тутуму орнотулган жана от казаны эмки жумада ишке киргизилет. Имараттын курулушун кайдыгер калтырбаган Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Алмазбек Осмонов кем-карчтарына сереп салып, эрте жана сапаттуу бүтүшүн көзөмөлгө алып келет.

Башталгыч мектеп болгондуктан, 0-4-класстар окуганга ылайыкташтырылган. Мектепке кабыл алуу жүрүп жатат жана бүгүнкү күнгө 180ден ашык окуучу кабыл алынды, — деп кубанычы менен бөлүшө кетти мектеп директорунун милдетин аткаруучу Жылдызбек Усупов.

А.АСАНАЛИЕВА “Кут Билим”

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер