ЖАҢЫ МЕКТЕП ОКУУЧУЛАРГА ЭШИГИН АЧАТ

  • 16.08.2021
  • 0

2021-2022-окуу жылына карата Кочкор районуна караштуу Бугучу айылында жаңы мектептин ачылыш аземи болгону турат. Бул тууралуу Ак-Чий орто мектебинин директору Дайырбек Айдарбеков билдирди.

Берилген маалыматка таянсак, Бугучу айылынын балдары Кум-Дөбө айылындагы Кеңеш Мырзабеков атындагы орто мектептен окучу. Эки айыл жанаша болгондуктан  Бугучу айылында мурда мектеп жок болгон.

— »САУД өнүктүрүү фондунун насыясын эсебинен каржыланган мамлекеттик мектептерди куруу долбоору» аркылуу салынды. Курулуш 2020-жылдын март айында башталып, пандемия шартына байланыштуу токтоп калгандыктан 2021-жылдын август айынын аягында ишке берилгени турат. Сметасы 58312258 сомдук эки кабаттуу 150 орундуу мектепти Бишкек шаарындагы ОсОО »Акаана» курулуш фирмасы курду. Мектепте спорт зал, ашкана, китепкана жана 80 тонна көмүр отуну менен жылытуучу  »Кыргыз котёл»  от казаны коюлган. Мектепке бөлүнгөн жерге проекти тарабын 15 түп алма, 15 түп өрүк жана 155 түп ийне жалбырактуу көчөттөр отургузулган. Учурдун талабына ылайыкташылган мектепке педагогикалык жана техникалык  кадрлар кабыл алынып,  мектепти жаңы окуу жылына даярдашууда, —  дейт мектептин директору Айбашов Тойчубек.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер