ЖАҢЫ КОНУШ ЖАШТАРЫНЫН СПОРТТУК МЕЛДЕШИ ӨТТҮ

  • 02.09.2019
  • 0

Бакай-Ата конушунда «Ынтымактуу кошуналар — ынтымактуу конуштар!» аттуу Ден cоолук жана биримдик фестивалы өттү.

ЖАҢЫ КОНУШ ЖАШТАРЫНЫН СПОРТТУК МЕЛДЕШИ ӨТТҮ

Ага Бишкек шаарынын 10 конушунун (Ак-Ордо, Ак-Бата, Ак-Тилек, Бакай-Ата, Жеңиш, Көлмө, Калыс-Ордо, Рухий-Мурас, Мурас-Ордо, Эне-Сай) тургундары, жаш лидерлери, Коомдук ден соолук комитеттеринин мүчөлөрү, Муниципалдык аймактык башкармалыктардын башчылары, адистери, Бишкек шаарынын мэриясынын өкүлдөрү жана чакырылган коноктор катышты.

“Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору Догдургул Кендирбаева долбоорго активдүү катышкан конуштун тургундарына жана өнөктөш катары болуп иштеп келген мэрияга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнө жана активситтерге ыраазычылык билдирди. Ошондой эле ынтымакты бекемдөө боюнча, жаштардын, аялдардын, баардык активисттердин колдоосу менен ишке ашырууга бул сунушту колго алган БУУ Калкты жайгаштыруу фондуна да ыраазычылык билдирди.

ЖАҢЫ КОНУШ ЖАШТАРЫНЫН СПОРТТУК МЕЛДЕШИ ӨТТҮ ЖАҢЫ КОНУШ ЖАШТАРЫНЫН СПОРТТУК МЕЛДЕШИ ӨТТҮ

“Бир жылдан ашык бирге иштеп, демилгелерди колдоп, ушул ишке ишенгендигиңер үчүн ыраазычылык билдиребиз. Баардыгыбыз бир максаттын үстүндө иштедик. Өтө таланттуу, өзү жашаган айылды гүлдөтүп алууга даяр балдарды жана инсандарды бириктирдик, таптык жана кубаттандырдык. Спорт, акылмандык, ден соолук менен гана атаандашып жүрөлү”, — деп белгиледи өз сөзүндө Д.Кендирбаева.

Иш-чара Бакай-Ата конушундагы жаштардын демилгеси менен салынган воркаут аянтчанын ачылышы менен башталды. Пилоттук конуштардан куралган беш команданын катышуусунда воркаут турнири өтө кызуу өттү. Турнирдин жыйынтыгында 3-орунга Ак-Ордо жана Рухий-Мурас командасы ээ болсо, 2-орунга Ак-Бата жана Ак-Тилек конушунун «Ак илбирс» курама командасы чыкты. Ал эми 1-орунга Көлмө жана Жеңиш командасы татыктуу болду. Бардык жеңүүчүлөр диплом, медалдар жана сыйлуу белектер менен сыйланышты.

ЖАҢЫ КОНУШ ЖАШТАРЫНЫН СПОРТТУК МЕЛДЕШИ ӨТТҮ

Негизги судья дүйнөнүн төрт жолку жана олимпиадалык оюндардын чемпиону Каныбек Осмоналиев болду. Воркаут боюнча “Барсбек” курама командасынан мастер класс көрсөтүлдү. Ынтымактуу кошуналардын эл аралык күнүнө карата ар бир конуштун Коомдук ден соолук комитеттеринин мүчөлөрү, активдүү тургундары жана жаштар тарабынан ынтымак, биримдик, тынчтык темасындагы театралдашкан номерлери көрсөтүлүп, чакан концерттик программа тартууланды. «Ынтымактуу кошуналар-ынтымактуу конуштар» фестивалын колдоп эстрада ырчылары Алтынай Нарбаева, Жылдыз Тутуева, Кайрат Примбердиев, «Кыргыз руху» ансамбли келип ыр белектерин тартуулашты.

Бөлүшүү

Комментарийлер