ЖАҢЫ КИТЕПТЕРДИН БЕТ АЧАРЫ

  • 01.04.2019
  • 0

Белгилүү илимпоз, агартуучу жана публицист, гуманитардык факультеттин деканы, профессор Лайли Үкүбаеванын жаӊы китептеринин бет ачары 4-апрелде Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде болот.   

ЖАҢЫ КИТЕПТЕРДИН БЕТ АЧАРЫ

Иш-чарада Лайли Үкүбаеванын кийинки жылдары чыккан эмгектери: «Чыӊгыз Айтматов: эстетика и национальная основа», «Чыӊгыз Айтматов» (жазуучунун өмүрү жана чыгармачылыгы боюнча кыргыз, орус, түрк, англис тилдеринде кыскача очерки), «Кыргыз көркөм сөз өнөрүнүн маселелери», «Художественное мастерство Чингиза Айтматова», «Жазгыч акындар жана Осмонаалы Сыдык уулу» аттуу илимий эмгектери, «Доорлор жаӊырганда» публицистикалык макалалар жыйнагы жана Лайли Үкүбаева жөнүндө калемдештеринин пикирлери камтылган «Илимдеги сапар» аттуу китеп тууралуу сөз болот.

Окумуштуунун илимий эмгектери боюнча Кыргыз улуттук университетинин кыргыз адабияты кафедрасынын башчысы Курманбек Абакиров баяндама жасайт. Публицистикасы боюнча Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин улук окутууучусу, саясий илимдеринин кандидаты, белгилүү журналист Бакыт Орунбеков сөз сүйлөйт.

Белгилей кетсек, профессор Лайли Үкүбаева 18 илимий, эки публицистикалык, бир көркөм китептин автору. Анын 300дөн ашык илимий-публицистикалык макалалары чет элдик жана республикалык мезгилдүү басма сөз беттеринде жарык көрүп, окурмандардын өзгөчө кызыгуусун жаратып келет.

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер