“ЖАҢЫ КИТЕП” АВТОМАТТАШТЫРЫЛГАН МААЛЫМАТТЫК СИСТЕМАСЫ РЕСПУБЛИКАНЫН ЖАЛПЫ БИЛИМ БЕРҮҮ УЮМДАРЫНА ИЙГИЛИКТҮҮ ИШКЕ КИРГИЗИЛДИ

  • 26.04.2022
  • 0

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржылануучу “Секторду өнүктүрүү программасы: Билим берүү системасын бекемдөө” (СӨПББСБ) долбоорунун колдоосу менен “Жаңы китеп” АМС окуу китептерин башкаруу маалыматтык системасын ишке киргизүү жана өлкөнүн мектеп китепканачыларына аны кантип колдонуу керектигин үйрөтүү боюнча масштабдуу иштерди аяктады

“Жаңы китеп” АМС – бул республиканын жалпы билим берүү уюмдарынынын китепканаларында окуу китептерин башкаруунун жана окуу китептерин инвентаризациялоонун бардык процессин автоматаштырууга мүмкүндүк берүүчү система. Бул система “Жаңы китеп” мекемеси үчүн 2019 – жылы СӨПББСБ долбоорунун алкагында иштелип чыгып, тестирлөөдөн өтүп жана акыркы эки жылда ишке ашырылып келе жатат. “Жаңы китеп” АМС – бул мектеп китепканачыларынын иштөөсүнө ыңгайлуу система жана билим берүү тармагына абдан керектүү программа. АМС бүткүл республиканын мектеп китепканаларында окуу китептерин ижарага берүү процессине жана китеп фондунун абалынын электрондук эсебине мониторинг жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн берет жана окуу китептери тууралуу толук маалыматтын болушу окуучулардын окуу китептери менен талаптагыдай камсыз болушуна жана билим берүүнүн сапатына түздөн-түз таасирин тийгизет.          Мектеп китепканачылары “Жаңы китеп” автоматташтырылган маалыматтык системасын колдонуунун артыкчылыктарын эффективдүү жана толук колдонуу үчүн 2020-жылы 2138 мектеп китепканасы жабдуу комплектиси (компьютер, КФТ-көп функционалдуу түзмөк жана окуу китептерден QR-коддорун окуу үчүн сканер) менен СӨПББСБ долбоорунун тарабы менен  жабдылган. Жабдууларды жеткирүү менен бир эле учурда мектеп китепканачыларын компьютердик сабаттуулукка үйрөтүү, берилген жабдыктарды колдонуу жана “Жаңы китеп” АМС менен иштөө боюнча 96 тренер даярдалды. Долбоордун консультантынын жардамы менен окуу материалдары, методологиясы жана окутуу программасы даярдалган.Мектеп китепканачыларын окутуу онлайн жана оффлайн режиминде эки этапта өттү. 2021-жылдын октябрынан 2022-жылдын март айына чейинки мезгилде Баткен, Ысык-Көл, Нарын, Талас, Чүй, Жалал-Абад облустарынан жана Бишкек шаарынан 1474 мектеп китепканачысы окуудан өттү. 2022-жылдын январь айында “Жаңы китеп” мекемесинин кызматкерлери өз алдынча Ош облусундагы 254 адамдан турган мектеп китепканачыларын даярдашкан. Тренингдердин жүрүшүндө китепканачылар компьютер, интернет жана оргтехниканы колдонууну, ошондой эле “Жаңы китеп” АМС менен иштөөнү үйрөнүштү.    Белгилей кетсек, жалпы билим берүү уюмдардын китепканаларын заманбап жабдуулар менен жабдуу, окуу китептеринин автоматташтырылган программасын түзүү жана ишке ашыруу жана китепкана кызматкерлерин масштабдуу даярдоо республикада биринчи жолу жүргүзүлүүдө. Учурда маалыматтарды АМСке киргизүү мектеп китепканачылары тарабынан менен аякталууда. Ошентип, системалык деңгээлдеги ырааттуу милдеттерди ишке ашыруунун аркасында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги окуу китептери жана окуу китептерин басып чыгаруу менен камсыз кылуу жаатында өз убагында чечимдерди кабыл алуу үчүн ыкчам, ишенимдүү жана актуалдуу маалымат базасын алат.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер