ЖАҢЫ КАЛАА БАШЧЫНЫН ЖАҢЫ КАДАМДАРЫ

  • 27.08.2021
  • 0

Кечээ шаардык кеңеш борбор калаанын мэрин шайлады. Анда жалгыз гана Министрлер кабинетинин төрагасынын мурдагы биринчи орун басары Айбек Жунушалиевдин талапкерлиги каралып, аны шаардык кеңештин 43 депутаты колдоду.

Жаңы мэр көйгөйү көп шаарды өнүктүрүү боюнча алдыдагы пландары менен бөлүштү. Ал эң ириде, Бишкек таза шаар болушу керектигин баса белгилеп, кыска убакытта иретке келтирип, ар дайым көзөмөлдөп турууну убадалады. Андан кийинки көйгөй – бул автоунаанын көптүгү. Айбек Жунушалиев бул маселенин чечүү үчүн негизги жолдордон маршруткаларды алып салып, заманбап коомдук транспортту көбөйткөн соң, «акылдуу» жол чырактарын коюу зарылдыгын белгиледи.

Калаа башчысынын айтымында, оңдолуп жаткан көчөлөрдүн көпчүлүк бөлүгүнүн иши кышка чейин аякталууга тийиш. А.Жунушалиев бюрократияны азайтып, шаардык кызматтардын өз ара иштешүүсүн жөнгө салуу менен, көптөгөн көйгөйлөрдү четинен четтете берүүгө болооруна көзү жетерин билдирди. Ал чукул арада чечүүгө болбой тургандары шаарды өнүктүрүү программасына киргизилерин кошумчалады.

Билим берүү тармагынын орчундуу маселелеринин бири катары ал Бишкектин мектептериндеги аралыктан билим берүүнүн сапатын жогорулатууга көңүл буруу зарылдыгын белгиледи.

— Билим берүүнүн сапаты санариптик технологияларды ишке киргизүү менен дагы жогорулашы керек. Заманбап технологиялардын жардамы менен балдар жашаган жерине жана ата-энесинин кирешесине карабастан өнүгүүгө, окууга жана мектепке даярданууга мүмкүнчүлүк ала алышат. Бул нерсе айрыкча, жаңы конуштар менен мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн маанилүү»,-деди ал.

Айбек мырза ошондой эле аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн Бишкекте бала бакчанын санын көбөйтүүнү убадалады.

Айнагүл Кашыбаева,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер