ЖАҢЫ АДИСТИКТЕР АЧЫЛДЫ

  • 01.08.2023
  • 0

Б. Бейшеналиева атындагы КММИУ 2023-2024-окуу жылы үчүн кабыл алуунун 2-турун баштады.

ЖАҢЫ АДИСТИКТЕР АЧЫЛДЫ

— Кабыл алуу 2023-жылдын 31-июлунан 17-августуна чейин жүргүзүлөт. 21, 22, 23-августта кабыл алуу сынактары өтөт. Буга чейин кайсыл кесипти тандоону терең ойлонуп, эми бир чечимге келген таланттуу абитуриенттер болсо эшик ачык. Жарнаманы бөлүшүп коюңуздар. Эскерте кетчү бир жаңылык: КММИУ менен Улуттук тарых музейи биргелешип «Музей иши жана эстеликтерди коргоо» адистигин ачты. Бул багытка шыктуу жаштар же ушул тармакта эмгектенип жүргөндөр үчүн жогорку билим алууга эң сонун шарт түзүлдү. Окуу мөөнөтү 5 жыл. Келишимдик негизде, күндүзгү бөлүм. «»Өнөр — билим алууга коротулган убакыт өтүп кеткен менен анын жемиши өмүр бою өзүң менен кошо жашайт», — дейт окуу жайдын проректору К.Жакыпов.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер