ЖҮРӨГҮНДӨ ОТУ БАР, КОЛУНДА КУТУ, КАСИЕТИ БАР УСТА, МҮНҮШКӨР, ТАЙГАНЧЫ ЭЛЕ…

  • 27.09.2026

ЗЕРГЕР УСТА, МҮНҮШКӨР, ТАЙГАНЧЫ, САЯПКЕР, КУУДУЛ  ИСЛАМБЕК ИСРАИЛОВДУ ЭСКЕРҮҮ

ЖҮРӨГҮНДӨ ОТУ БАР, КОЛУНДА КУТУ, КАСИЕТИ БАР УСТА, МҮНҮШКӨР, ТАЙГАНЧЫ ЭЛЕ...

2026-жылдын 26-сентябрында  кыргыз маданияты, улуттук кол өнөрчүлүгү жана аны жакындан билген, кадырлаган ар бир жүрөк үчүн оор жоготууга учурап, колунан куту, көөрү төгүлгөн улуу чебер, кыргыздын ат маданиятын шөкөттөгөн залкар зергер, булгары устаты, элдик чебер, мүнүшкөр, тайганчы жана мекенчил инсан Исламбек Садык уулу Исраиловдан айрылды. Өмүрүнүн  алтымыш жаш курагыда чыгармачылыгынын гүлдөп турган убагында ал өнөр дүйнөсүн жетим калтырып, түбөлүк сапарга узап, согуп жаткан жүрөгү күтүүсүздөн токтоп калды.  Ал эң башкысы — жүрөгү таза, пейили кенен, адамкерчилиги бийик, ак көңүл, ишенимдүү досубуз эле.

Ал 12 жылдык билим берүүгө өтүүдө  мектеп окуучуларына  кол өнөрчүлүк боюнча сабак берип, камчы жасоону, ээр токум, ат жабдыктар, уз-устачылык тууралуу улуттук мурасты жаш муундарга өткөрүп берсем деп тилек кылчу. Ошол тилегине жетпей калды… 

Исламбек кыргыз эли гана эмес Борбор Азия, Шериктеш мамлекеттер тааныган жөн гана чебер уста эмес эле. Ал — темирдин тилин билген, балкасы менен назик сулуулукту жарата алган, улуттун жоголуп бара жаткан көөнөрбөс тарыхын кайрадан тирилткен замандын залкары болчу. Анын ар бир жасаган эмгеги, ар бир чапкан ээр токуму, жасаган ат жабдыктары, ар бир чийген оюму жөн эле буюм эмес, ичине кыргыздын рухун, көчмөн элдин, духун, улуттук баалуулуктанын, эркиндигинин символун камтыган тирүү тарых эле. Күмүштү жан жөнөкөй эле темирди, жез менен мисти отко балкытып, улуттук сыймыкка айлантканда, анын колундагы кутуна, өнөрүнө суктанбаган жан калчу эмес.

Ал бул өнөрдү аталары Сыдык менен Садыктын кол алдында, көрүктүн жанында, темирдин күйүгүн, көмүрдүн түтүнүн жыттап өсүп, каны-жаны менен өздөштүргөн. Бишкектеги С.Чокморов атындагы көркөм өнөр окуу жайдан таш чегүүчүлүктүн сырларын үйрөнүп, кийин бүткүл өмүрүн кыргыздын жан-дүйнөсү менен эриш аркак болгон тулпар аргымактардын жабдыктарын кооздоого арнады. Ал жасаган жүгөндөр, күмүш менен шөкөттөлгөн көмөлдүрүктөр менен куюшкандар жөн гана аттын жасалгасы эмес, кыргыз мырзаларынын, нрак-насили, кадыр-баркы, намысы сыяктуу жаркырап тураар эле.

Исламбек темирге жан киргизип жатып, ага өзүнүн жүрөгүнүн жылуулугун, мээримин, жан дүйнөсүнүн тазалыгын кошчу. Ал чийген «айчык» менен «тоок көз» оюмдары, куюшканга түшүргөн улуу «мүйүз оюмдары» анын улутуна болгон чексиз сүйүүсүнүн далили болчу. Ал өткөндөр калтырган мурасты көздүн карегиндей сактап, аны келечекке таза, бузулбай жеткирүүнү өзүнүн ыйык милдети, парзы деп билди. Ошондуктан, 1992-жылдан бери Эл чеберлер союзунун сыймыктуу мүчөсү катары, анын ар бир кадамы өнөргө кызмат кылууга багытталган. Кыргыздын көрүнүктүү устасы Ислам Исраилов улуттук кол өнөрчүлүктү нукуралык менен заманбаптыктын айкалышы аркылуу жаңы бийиктикке көтөрдү. Анын жыгач, темир жана булгаары иштетүүдөгү кылдат ыкмалары ошондой эле буюмдарга катылган терең маданий символдор эл аралык аренада даңазалады. Ал ата-бабадан калган бул асыл өнөрдү мурастап, Бишкектеги «Кыял» элдик көркөм кол өнөрчүлүк бирикмесинде  да эмгектенип,  атактуу этнограф, белгилүү журналист Амантур Акматалиев менен бирдикте өлкө аймагындагы элдик кол өнөрчүлөрдү, зергер уста, уздарды иликтеп бирге жүргөн.

ЭЧ КИМДЕ ЖОК ЭЭР ЖАСООНУ ЭҢСЕГЕН УСТА ЭЛЕ.

ЖҮРӨГҮНДӨ ОТУ БАР, КОЛУНДА КУТУ, КАСИЕТИ БАР УСТА, МҮНҮШКӨР, ТАЙГАНЧЫ ЭЛЕ...Ээрдин түрлөрү жана жасалышы тууралуу бул өнөрдү ата-бабасынан мурастаган Исламбек Исраилов  мен “Азаттык” радиосунда иштеп турган учурдагы маектешүүдө мындай деген эле.

— Ээрдин негизги бөлүктөрү кашы, каптал жыгачтары, чарасы же карсаңы болот. Ээрдин каптал жактарынын алдыңкы жана арткы жактарына тогоолор бекитилип, аларга көмөлдүрүк менен куюшкан байланып, бекитилет. Ээрдин каптал жыгачтарынын төмөнкү бөлүгүнүн орто ченинен үзөңгү боо өткөрүлө турган тешикче жасалат. Кыргыздар ээрдин дан баш, куш баш, анжиян, ак каңкы, кучмач, аскер ээр, темир ээр жана башка түрлөрүн жасап келишкен. Балдар үчүн жасалган ээр айырмач деп аталат. Жыгач ээрди атайын усталар талдын дөңгөчүнөн чаап жасайт. Учурда теректен дагы чаап жүрөбүз. Аны зергер усталар гана аземдеп кооздогон.

Исламбек Исраилов кыргыздын ээр токум, ат жабдыктарын эл аралык талаптардын деңгээлине жеткирем деп, анан эч кимде жок жасалга жасайм деп далалаттанып келаткан чыгаан уста эле.

— Негизинен мен жасаган ээр токум, ат жабдыктарын казактар көп сатып алышты. Үйүмө чейин келип, атайын заказ беришчү.  Мен ээрдин 5-6 түрүн жасайм. Даңазалуу этнограф, атактуу журналист раматылык Амантур Акматалиев агай көп кен-кеңештерин берчү. Күмүш жалатып жасалган  ээр токумдарым “каны жерге тамбай” дароо сатылып кетип турду. Аларды чет өлкөлөрдүн жетекчилерине белек кылуу үчүн алып кетишчү. “Кыял” кол өнөрчүлүк бирикмесинин мурдакы жетекчиси Султанбек Макашов айткандай, жаңы стил менен америкалыктардыкындай дароо бир токулган кыргыз ээрин жасасам, чет өлкөлүктөр сатып алышты. Кыргыз барда бул өнөрдүн учугу үзүлбөйт, эми уулдарым Зухраб менен Азатка үйрөтүп жатам. Жакшы жасалган ээрдин баасы чет өлкөлүк орто бир автоунаанын кунуна барабар, -деген эле досум Исламбек.

ЖҮРӨГҮНДӨ ОТУ БАР, КОЛУНДА КУТУ, КАСИЕТИ БАР УСТА, МҮНҮШКӨР, ТАЙГАНЧЫ ЭЛЕ...Кыргыз ээрине чет өлкөлөрдө кызыгуу зор экенин, бирок бул өнөрдү аркалагандар азайып кеткенин “Кыял” элдик кол өнөрчүлүк бирикмесинин мурдагы директору, Кыргыз эл сүтөтчүсү Султанбек Макашов белгилеген эле.

— Кыргыздын ээр токуму башкалардыкына салыштырмалуу айырмаланып турат. Анткени анын оюму, дизайны, жасалгасы өзгөчөлөнүп, дароо таанууга болот. Учурда ээрдин актуалдуулугу жоголмок тургай өтө зарыл буюмга айланып баратат. Бизде ээрдин тердиги, желдиги, каптыргасы өзүнчө болуп жатпайбы, ал эми америкалыктардын ээри баары биригип турат. Токуганга ыкчам, жыйнактуу келет экен. Биздин усталар да ушундай ыңгайлуу жана эл аралык үлгүдөгү ат жабдыктарын жасап, жаңылык киргизип жатышат.  Чынында эле ээр чапкан усталар азайып баратат. Көбү майда белек-бечкек, камчы жасаганга өтүп кетишти. Себеби чет өлкөлөрдөн келген туристтер чоң буюмдарга, ээр токумга кызыкканы менен  дароо сатып алышпайт. Жеңил көркөм буюмдарды сатып алышкандыктан, ээр чабуу колго алынбай баратат. Ошондуктан ээр чабууга кызыктыруу максатында эл аралык көргөзмөлөргө атайын кыргыз ат жабдыктарын дагы алып барып  турдук. Ушундай эл аралык ЭСКПО көргөзмө-жармаңкелерге Исламбек Исраилов менен Эсен Чылановдун ээр токумдарын алып бардык. Чет өлкөлүктөр абдан кызыкты.

Өлкөдө ээр чапкан усталар саналуу гана. Исламбектей мыкты усталардын аземдеп жасаган ээр токуму миң доллардан 5-6 миң долларга чейин бааланаарын адистер айтып жүрүшөт. Ал  эми күнүмдүк пайдалануу үчүн жасалган  Исламбектин жаңы ээр токумдун баасы бир бодо малга барабар  эле. Кийин ал көк-бөрүчүлөргө ылайык бекем жана ыңгайлуу ээр токумду жасоого өткөн эле.

КЫРГЫЗ ЭЭРИН ДҮЙНӨГӨ ТААНЫТЫП…

Кыргыздардын көчмөн турмушу жалаң ат менен байланышкан. Илгери ээрди бүкүлү чабууга жарактуу бак-дарак болгон эмес, ошондуктан бөлүк-бөлүктөн жасалчу экен. Ээрдин бир нече түрү белгилүү — анжыян ээр, кокон ээр, бала өңөрө турган ээр,  аялдар үчүн ыңгайлашкан кашы жок өзгөчө көркөмдөлгөн  ээр, жүк артыла турган ээр ж.б. Ээр токумду илгери ата-бабалар кандай ыкмалар менен жасалаарына  уста Исламбек Исраилов кызыгып,  илгери жасалган ээрлерди чачып көрүп, алардын 24-25 бөлүктөн турарын билгенин да  мага айтып берген эле.  Анын айтымында, кыргыздын анжиян ээри 27 бөлүктөн турган.

-Кыргыздар Анжияндан ээр чапкан үчүн ошентип аталып калган. Нака кыргыз ээр — ушул. Анын ар бир бөлүгүн чаап алып туруп, анан бири-бирине кынаптап чапташчу тура. Чаптоо үчүн өлгөн музоо менен козулардын этин казанга салып, илээшчек болуп калгыча кайнатып, ошону клей катары пайдаланышкан. Андан кийин ээрге аябай жанчылып, жүндөй майда тытылган жылкынын шыйрагындагы тарамыш чапталган. Бул «тарамыштоо» же «тарамыш ичирүү» деп аталат. Тарамыштагандан кийин улпак менен жыгачтын таарындысына кара ун кошулган аралашма жабылган да, ак кайыңдын кабыгын жабыштырып, үстүнө сүрөт тартып коюшкан. Жээги мүйүздөн жасалган. Бул ээр жасоонун 150-200 жыл мурунку ыкмасы. Кийинчерээк ээр мурдагыдай бөлүк-бөлүк менен эмес, толугу менен чабылып, булгаары менен каптала баштады. Тарамыштагандын ордуна чылгый менен да капташкан. Чылгый — бул уйдун жыдыган чийки териси. Аны менен ээр асты-үстү толугу менен капталат.

ЖҮРӨГҮНДӨ ОТУ БАР, КОЛУНДА КУТУ, КАСИЕТИ БАР УСТА, МҮНҮШКӨР, ТАЙГАНЧЫ ЭЛЕ...Учурда ээр теректен деле, карагайдан деле чабыла берет. Бирок талдан чабылган ээр чыдамкай келип жарылбайт, жеңил да болот. Теректен чабуу үчүн алгач теректи суу кезинде көлөкө жерге кургатып алыш керек. Кургап кетсе терек жарылып кетет. Ал эми карагайдан чабылган ээрди тарамыштап, чылгый менен каптагандан кийин азыркы биздин жумшак булгаары менен каптап коюшат.

Усталардын кээси кашы менен туюк чапса, кээси кашын өзүнчө чабат. Эгер өз-өзүнчө чабылып калса кашы менен ээрди бириктирген жерди сөзсүз тарамыштоо зарыл. Албетте ээр биринчи кезекте атка жакшы, нык, ыңгайлуу отуруш керек. Өйдө-ылдыйдан келатканда ээр эки жакка ообогудай болушу ылайык. Ээрдин узуну 60, ал эми туурасы 40-45 сантиметр болуп чабылат.
Мындан тышкары, аялдар үчүн чабылган ээр деген болгон. Башы тогологураак келип, тердигинин эки капталына сексенден 160 темир кадалып, күмүш менен шөкөттөлүп жасалган. Жүгөндөрүнө кызыл, жашыл асыл таштарды чегерип кооздошкон.
Мындай ээр кыз турмушка чыгаарда себи менен берилген. Ат жабдыгы менен кошо чач учтук, сөйкө-шакек, билерик сыяктуу зер буюмдарынын баары бир эле зергер устанын колунан чыгып, ага бир жылдай убакыт сарпталган. Мындай сеп менен барган келиндин кадыр-баркы бийик болуп, ат жабдыктары кызынын кызына чейин мурасталып сакталган. Илгерки замандарда жасалган мындай аял ээрлер бирин-серин азыркы күндө да кездешет, -деген эле асыл досум Исламбек Исраилов.

Ал жасаган бир авто унаанын наркына тете ээр токум, ат жабдыктары Эл аралык Олимпиада комитетинин президенти Антонио Самаранчка, Азия Олимпиадалык Кеңешинин президенти Аль Сабакка, Россиянын президенти Владимир Путинге, Казакстандын  мурдакы президенти Нурсултан Назарбаевге, Өзбекстандын ошол учурдагы президенти Ислам Каримовго, Азербайжандын президенти Ильхам Алиевге , Москванын  мурдакы мэри Юрий Лушковго  Кыргызстандын жетекчилери тарабынан белек кылынган.

Исламбек камчы жасоо жана өрүү өнөрү менен дагы таанылган.

Камчы унааны камчылоо, мал айдоо үчүн гана колдонулбастан, эр жигиттин сүрү, куралы, бийликтин символу катары да таанылган. Жоокерчилик заманда башына коргошун уютулган камчы менен душманды жыга чапкан учурлар болгон. Кыргыз эли камчынын түрүн жасап, жылаан боор, кош өрүм, төрт кыр жана башка ыкмалар, өрүмдөр менен өрүп, кынаптап, сын-сыпаттуу жасашкан. Колундагы камчысынан эле кандай адам экенин, кимдин баласы, кайсыл жердин кулуну экенин да баамдап коюшкан. Камчынын тилеги жакшы, «наристе, эркек бала камчылансын, уулду бол» деп белекке беришчү. Камчы, ат жабдыктарын жасаган уста Исламбек Исраилов камчынын жасалуу жолун мага төмөнкүчө айтып берген эле.

ЖҮРӨГҮНДӨ ОТУ БАР, КОЛУНДА КУТУ, КАСИЕТИ БАР УСТА, МҮНҮШКӨР, ТАЙГАНЧЫ ЭЛЕ...

— Кыргыздар камчыны керегеге илгенде да салпылдатпай, бүктөп туруп илишчү экен. Азыр камчылар 500, 700, 1500, 3000 миң сомдун тегерегинде бааланат. Аны буйрутма берген кардарга карата жасайбыз. Он эки , жыйырма төрт, отуз эки өрүмгө чейин өргөндөр бар. Аны биринчи өрүп, сыдыргыга салып, тилгенден кийин ар бирин бирден сыдыргы менен сыдырып, улам-улам суулап, бекем тартып, аягында дагы бир сыйра сыдыргыга салып жасалат.

Чет өлкөдөн келген мейман, туристтер кыргыздын камчысына маани берип, улуттук сувенир катары көп сатып алышаарын, камчы бизнеси да өсүп-өнүгүп жатканын  Исламбек  айтып, кийинки учурда камчынын сапатына көңүл бурулбай, эптеп пайда табууну көздөп, усталардын кадыр-баркын кетиргендер да болуп жатканын белгилеген эле:

— Камчынын өрүмүндө эле ар кандай ыкмалар бар. Мисалы, сегизден тартып кырк сегизге чейинки тал менен өргөн усталар бар. Кээ бир киши ойлошу мүмкүн. Бир табылганы алып туруп, бир кулач кайышты мык менен кагып койсо эле камчы болуп калат деп. Бул андай эмес камчыны жасаш татааал иш. Биз азыркы убакта бир топ камчынын түрүн чыгарып жатабыз. Боз үй, комуз, калпак сыяктуу эле камчынын да өзүнүн орду бар,  улуттук көркөм буюмдар арасынан. Булгаарыдан өрүлгөн камчылардын сапаты ойдогудай деңгээлге жетпейт экен. Таза көктөн өрүлгөн камчыдан артык камчы жок. Кээ бир чеберлер пайда көрүү иретинде тез аранын ичинде кайышты ийишип, аны жакшылап илебине келтирбей, камчылардын сапатын бузуп коюшууда. Мен андай чеберлердин жасаган иштерине ыраазы болбой жүрөм.

ЖҮРӨГҮНДӨ ОТУ БАР, КОЛУНДА КУТУ, КАСИЕТИ БАР УСТА, МҮНҮШКӨР, ТАЙГАНЧЫ ЭЛЕ...Исламбек Исраилов сапаттуу камчылардын өрүмүн таза көктөн (териден) жасачу. Ал камчы өрүүдө 12, 24, атүгүл 32 өрүмгө чейин жеткирип, ар бир талды сыдыргыдан өткөрүп, суулап, өзгөчө бекемдикте өрүп, сабын табылгыдан же эликтин бутунан аземдеп жасачу. Анын колунан чыккан камчылар дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнө кыргыздын узчулугун, өнөрүн таанытып, АКШ, Европа, Азия өлкөлөрүнүн музейлерине да коюлган.

Чынында эле камчы кыргыз элинин кол өнөрчүлүгүн тааныткан улуттук сувенир буюму катары таанылып баратат. Өлкөдөгү дүр-дүйнө дүкөндөрүнөн камчынын түрүн кезиктирүүгө болот. Чет өлкөлөргө барышкан кыргыздар да камчысы менен калпагын көтөрө барып, белекке берип жүрүшөт. Камчы илинип турган үйгө жин-шайтан жолобойт деген ишеним менен шаардыктар да үйлөрүнө камчы илип коюшчу болду, -деген эле Исламбек досум.

Жүгөн, нокто — ат жабдыктардын бири.

 Кыргыздар жүгөн, ноктону түрлөнтүп өрүп, күмүш жалатып, оюу басып, унаанын түрүнө, ыңгайына жараша түргө бөлүп келишкен. Жүгөн менен балдарды бешикке салаарда ырымдап, ооругандарды эмдеп-домдоп да коюшчу.

Кыргыз эли илгертен мал-жандуу болуп, малды ноктолоп, атка аземдеп жүгөн тагып минип келген. Атка жеңил жана ыңгайлуу нокто, жүгөндү баалаган. Малдын бардык түрүнө нокто катып, байлап коюшчу. Атка нокто катып, жүгөн да салып, эки тизгин, бир чылбырды колго алган. Айрым учурда аламан байгеге ат чабылганда же алыс жолго чыкканда ноктону алып коюшуп, жүгөн гана катылчу. Минген атына салынган жүгөн, ноктосуна карап эле кандай адам, кадыр- баркы, ким экенин боолголоп коюшчу.

ЖҮРӨГҮНДӨ ОТУ БАР, КОЛУНДА КУТУ, КАСИЕТИ БАР УСТА, МҮНҮШКӨР, ТАЙГАНЧЫ ЭЛЕ...Жүгөндүн түрлөрү жана жасалышы тууралуу бул өнөрдү ата-бабасынан мурастаган уста Ислам Исраилов мындай деген эле.

— Жүгөндүн негизги бөлүктөрү кашы, капталы жана маңдайы, ооздугу болот. Жүгөндүн каптал жактарынын ылдыйкы жактарына тогоолор бекитилип, ага ооздук тагылат. Кыргыздар жүгөн, ноктону күмүштөп, зергерчилик менен аземдеп, кооздоп жасашкан. Кыз- келиндер үчүн өрүмдөп, кооздоп өзгөчөлүк менен кыйып жасап келишкен. Ат чабышка түшкөн аргымактар үчүн жүгөн токтогон кайыштан жеңил жасалат. Тизгин, жүгөн катуу тартылганда үзүлүп кетпес үчүн токтогон, эски кайыштан жасоону усталар эске алышкан. Күмүштөн же темир, жезден да кооздоп жүгөн, нокто жасалган. Аны зергер усталар гана аземдеп кооздогон.

Кыргыз усталары жасаган ат жабдыктарын, айрыкча жүгөн, ноктого чет элдиктер абдан кызыгаарын  Исламбек дагы баса белгилеп, мындай деди эле:

— Кыргыздын ат жабыктары, жүгөн, ноктосу башкалардыкына салыштырмалуу өзгөчөлөнүп айырмаланып турат. Учурда жүгөн, ноктонун актуалдуулугу жоголмок тургай өтө зарыл буюмга айланып баратат. Биздин усталар дагы ушундай ыңгайлуу жана эл аралык үлгүдөгү ат жабдыктарын, жүгөн, ноктону жасап, жаңылык киргизүүгө аракет жасадык.  Чет өлкөлүктөр да жеңил көркөм буюмдарды сатып алышкандыктан, жүгөн, ноктону аземдеп жасоо колго алынбай бараткандай көрүнүүдө. Ошондой болсо дагы кыргыздын ишкер уулдары атайын буйуртма менен жасаткан учулары болууда.   

Кыргыз эли жүгөн, нокто менен ырым- жырымдарды жасап, оорууларды айыктырып, эмдеп- домдоп келишкенин дагы Исламбек Исраилов менен болгон маектешүүмдө айтып берген эле.

— Эркек баланы бешикке бөлөгөндө бешигине жүгөндү тийгизип, “аргымак миңген азамат болсун, эл –жерин коргогон берен болуп, мал- жандуу адам болсун” дешип ырымдашкан. Анан дагы балдардын оозуна ар кандай жара чыкса, ооздукту тийгизип ырымдаса, айыгып кеткен. Ошондой эле суук тийсе, ооздукту кызарганча ысытып, суу бүркүп, учукташкан. Кыргыз барда бул жүгөн, нокто жасоо өнөрүнүн учугу үзүлбөйт.

ЖҮРӨГҮНДӨ ОТУ БАР, КОЛУНДА КУТУ, КАСИЕТИ БАР УСТА, МҮНҮШКӨР, ТАЙГАНЧЫ ЭЛЕ...Өлкөдө жүгөндү, ноктону аземдеп жасаган усталар саналуу гана. Мыкты усталардын аземдеп жасаган жүгөн, ноктосу бир бодого бааланаарын адистер айтып жүрүшөт. Ал эми карапайым калк жакшы жүгөн, ноктону алууга да чамасы- жетпей эскини эптеп урунуп жүрүшөт. Мал сатканда дагы ырым кармашып, нокто, жүгөнү менен кошо берчү эмес. Аларман өзүнүн нокто, жибин ала барышчу. “Уйга жүгөн салабы, үйрөнгөн адат калабы?” дешчү бабалар. Кыргыздарда карыялар каза болгондо өлүмтүгүнө ээр токум, жүгөн, нокто болушу шарт эле.

Исламбектин жубайы Мунара Абдураимова дагы кол өнөрчүлүгү менен таанылган уз айым. Ал Исламбекке ээр токум, камчы жасоого салып кошуп, женилин жерден, оорун колдон алып, ар тараптан колдоого алып келди.

— Биз өзүбүз эл аралык көргөзмөлөргө катышпайбыз. Биздин буюмдарыбызды сурап, сатып алып кетишет. Маселен, Германияга, Америкага, Кореяга, Кытай, Жапанияга жана башка өлкөлөргө биз жасаган буюмдар кетип атат. Чыныгы чеберлер мындай иш-чаралардан сыртта калып жатышат. Биздин буюмдарды алып сатарлар алып, Шанхайдагы ЭКСПО  сыяктуу көргөзмөлөргө алып кетүүдө. Кандай жасалаарын, кандай маанини түшүндүрөөрүн алар билбейт. Айылдык уз-усталар четте калып, Бишкектеги “Кыял” өндүрүштүк бирикмесинин кол өнөрчүлөрү, буюмдары көргөзмөлөргө кетип жатканы бизди абдан өкүндүрөт.

Мына ушундай эле пикирди эл аралык көргөзмөлөргө катышууга дилгир белгилүү уста Ислам Исраилов да  билдирип, мыктыларды иргеп алуу үчүн өлкөдө атайын сынак өтсө деп көп жолу айтып келди.

ЖҮРӨГҮНДӨ ОТУ БАР, КОЛУНДА КУТУ, КАСИЕТИ БАР УСТА, МҮНҮШКӨР, ТАЙГАНЧЫ ЭЛЕ...Исламбек Садык уулунун ат жабдыктарынын толук бүтүмү Казакстан менен Кыргызстандын жайма базарларына дайыма сатууга түшүп, колго токтобойт. Желдик, тердик тигүүдө, ак кайышка булгаарыны беттеп кайып кармоодо жубайы Мунаранын кол кабышы бар. Катышкан көргөзмөлөрү, кароо-сынактары жана алган сыйлыктарынын ичинен  1987-жылы «Кыргызстан Эл чеберлеринин III сатуу көргөзмөсүндө” ат жабдыктарынын толук бүтүмү үчүн I даражадагы диплом алган.

-Исламбек досубуз кол өнөрчүлүктөн сырткары тайган таптап, илгечи салып мүнүшкөрлүк дагы кылчу. Тайгандын түрүн жакшы билип, аны табына келтирүү сырын дагы мыкты болгон мергенчи да эле. Куш агытып, илгечисине кыргоол алдыган окуяларын укмуштай кылып көркөмдөп айткан чечендик касиети дагы бар эле.  Ошондой эле куудулданып сүйлөп, бирөөлөрдү мыкты туурап, пародия жанрын дагы мыкты билген тубаса таланттуу жан эле.  Эгерде театрда иштесе, эбак Эл артисти болмок. Аялдардын ролун дагы өзүндөй келиштире аткарып, бизди күлкүгө бөлөп салаар эле. Чукугандай сөз тапкан, чечендик жана тапандык жагы да укмуш эле. Элдик ырларды дагы укмуштай керемет аткарып, айлананы шаңга бөлүп, чогуп турган маанайды бир заматта көрөтүп койчу. Достукка дагы бекем эле. Алыс жолго чыксаң өз башынан өткөргөн окуяларын айтып, боорду эзип, узун жолду кыскартып, каткырыкка бөлөп салчу. Жан-дүйнөгө жарык, жакшы энергия берген айкөл адам эле. Жайында Баткенде  уюштурган Медициналык академияны бүткөнүбүздүн 40 жылдыгына арналган мааракеге Мидин досум экөөнү ардактуу мейман кылып чакырган элем. Исламбек досубуз ошол мааракенин көркүн ачып берген эле. Мындай элдик адам эч убакта унутулбайт, -деп эскерет досу, Кыргызстанга эмгек сиңирген врач Нуралы Базарбаев.

ЖҮРӨГҮНДӨ ОТУ БАР, КОЛУНДА КУТУ, КАСИЕТИ БАР УСТА, МҮНҮШКӨР, ТАЙГАНЧЫ ЭЛЕ...

Мен аны менен көп жылдан бери сырдаш болуп, анык жасаган аземдүү камчыларын Олимпиада оюндарына алып барып, досторума белек кылып, кыргыздын көркөм буюмдарын дүйнөгө тааныткан элем. Ар бир олимпиадага бараарда мага камчынын алаканына ошол олимпиаданын эмблемасын шөкөттөп бастырып берчи. Аны көргөн чет өлкөлүк журналист досторум абдан суктанып, ыраазы болчу эле.

— Козголбос жерден козголдуң досум,
Жок болбос жерден жок болдуң, досум!
Кантейин, Ажал кылганы досум,
Жан дүйнө сыздап жок болдуң, досум!..

Аттиң, өмүр ушунчалык кыска жана аёосуз… Жүрөк деген ушундай назик келет экен. Көптөгөн кооздуктарды жараткан, досторуна ишенимдүү тирек, үй-бүлөсүнө камкор ата, элине кадырлуу уста болгон ошол улуу жүрөк күтүүсүздөн токтоп каларын ким билиптир? Бирок өлүм Исламбектин денесин гана бизден алып кетти, а анын жаркын элеси, жасаган сонун, керемет эмгектери, ар бир досунун жүрөгүндө калтырган жылуулугу эч качан өчпөйт.

Досуңуздун, жакындарыңыздын эсинде ал дайыма ачык маанай, тамашакөй, жарык, шаң алып жүргөн эмгекчил жана ак жүрөк, кең пейил, жоомарт, мекенчил инсан катары жашай берет. Ал жасаган ат жабдыктары кыргыздын той-майрамдарында, кыргыздын кыраан жигиттери ойгон көк-бөрү мелдештери учурунда ат үстүндө жаркырап көрүнгөн сайын, Исламбектин аты кайра-кайра аталып, руху шат боло бермекчи. Түбөлүк калтырган кол тамгасы, өнөрү — анын өлбөстүгү.

Кош, улуттук өнөрдүн улуу зергери! Кош, ишенимдүү, асыл дос! Жараткан алдыңды жарык, артыңды кайырлуу кылсын. Топурагың торко, жаткан жериң бейиш болсун… Сенин жаркын элесиң биздин жүрөгүбүздө түбөлүккө жашайт!

Кабыл Макешов,

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңррген ишмер,

жазуучу, журналист

 

 

 

 

 

Бөлүшүү