Ж.БАЛАСАГЫН АТЫНДАГЫ КЫРГЫЗ УЛУТТУК УНИВЕРСИТЕТИ

  • 02.12.2022
  • 0

 Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамынын жана “Көзөмөлчүлүк кеңеши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 9-пунктуна ылайык КР Билим берүү жана илим министрлигинин карамагындагы мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдары үчүн көзөмөлчүлүк кеңештерин түзүү боюнча комиссиясы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Көзөмөлчүлүк кеңешинин курамын бекитүү үчүн конкурска катышууга арыздарды кабыл алууну жарыялайт

Ж.БАЛАСАГЫН АТЫНДАГЫ КЫРГЫЗ УЛУТТУК УНИВЕРСИТЕТИ

“Көзөмөлчүлүк кеңеши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык:

Кеңештин мүчөсү катары төмөнкүлөр боло алышат:

1) социалдык чөйрөдөгү мекемелерде же коомдук иште иш тажрыйбасы бар Кыргыз Республикасынын аракетке жөндөмдүү жарандары;

2) ишкер чөйрөлөрдүн, илимий жана билим берүү уюмдарынын, маданий жана социалдык чөйрө мекемелеринин, өкмөттүк эмес жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын, студенттик жана ата-энелер бирикмелеринин өкүлдөрү.

Көзөмөлчүлүк кеңештин мүчөлөрүн тандоо конкурсуна катышууну каалаган талапкерлердин арызына төмөнкү документтер тиркелет:

  • конкурска катышууга арызы;
  • өзүнүн резюмеси;
  • паспортунун же өздүгүн аныктоочу документинин көчүрмөсү;
  • билими жөнүндө документтеринин көчүрмөсү.

Мындан башка, талапкерди сунуштаган каттарды кошуп койсо болот.

Документтердин толук тизмеси кулактандыруу жарыяланган күндөн тартып 30 күндүн [email protected] электрондук дарек аркылуу же Билим берүү жана илим министрлигине тапшыруусу зарыл. Дареги: Бишкек ш., К.Тыныстанов көчөсү, 257, 311-каб.

Кошумча маалымат алуу үчүн байланыш телефону: 0(312)62-04-87

Бөлүшүү

Комментарийлер