Ж.БАЛАСАГЫН АТЫНДАГЫ КУУДА «АЧЫК ЭШИКТЕР КҮНҮ» ӨТКӨРҮЛДҮ
- 16.04.2026
- 0
Абитуриенттер үчүн уюштурулган «Ачык эшиктер күнүндө» университеттин башкы имаратынын алдында таанышуу такталары, көргөзмө-жарманке уюштурулду.

И.Ч.Исамидинов атындагы педагогикалык институттун жетекчилиги, педагогдору жана студенттери чоң жыйындар залында жаштарды мугалимдик кесипке багыттоо иш-чарасын уюштуруп, кызыктуу мастер класстарды, арт-терапия, видео-презентацияларды жасашты. Активдүү бүтүрүүчүлөргө институтка тапшыруу үчүн чакыруу-сертификаттар тапшырылды.
Кечеде дене тарбия жана спорт багытында билим алып жаткан Кыргызстандын жана Азиянын чемпиондору өз өнөрлөрүн тартуулашса, институттун алдынкы педагогдору Жаңыл Нуруева жана Айнагуль Оторбекова эң сонун мастер класстарды өтүштү. Кечеде мугалимдик кесипти даңазалаган поэзия мүнөттөрү да орун алып, студентик кеңештин таланттуу студенттеринин чыгармачылык номерлери менен коштолду. Абитуриенттер жана аларды алып келген жетекчилер мугалимдик кесипке карата ойгонгон жылуу сезимдери менен тарашты.
Салкынай САЛМООРБЕКОВА, «Кут Билим», И.Арабаев атындагы КМУнун журналистика факультетинин 1-курсунун студенти
Комментарийлер