ӨЗГӨРГӨН ДҮЙНӨ — ӨЗГӨРГӨН БИЛИМ
- 18.08.2025
- 0
2025-жылдын 17–19-августунда Ош шаарында «Алтын Казык — доор өзгөрткөн билим» аттуу Август педагогикалык форуму өз ишин баштады.

Билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана билим берүүнү системалуу трансформациялоо, жеткиликтүүлүгүн, инклюзивдүүлүгүн камсыз кылуу, ошондой эле формалдуу билим берүүнүн бардык баскычтарында педагогдордун кесиптик квалификациясын жана компетенттүүлүгүн өркүндөтүү максатында өтүп жаткан мугалимдердин салттуу педагогикалык форумунда “Алтын Казык” мамлекеттик программасын ишке ашыруунун контекстинде билим берүүнү трансформациялоонун артыкчылыктарын жана натыйжалуу механизмдерин талкууланат. Алар: Билим берүүнүн бардык деңгээлдеринин мазмунун жаңыртуунун аныкталган стратегиялык багыттарын талкуулоо; педагогдордун кесиптик потенциалын өнүктүрүү жана инсандын өнүгүүсүнө, инновацияларга, туруктуу коомго багытталган келечектеги билим берүү боюнча биргелешкен стратегияларды иштеп чыгуу; жалпы жана кошумча билим берүү уюмдарынын өз ара аракеттенүүсүн күчөтүп, 12 жылдык окутууга өтүү шартында тарбиялык жана өнүктүрүү ишмердүүлүгүндө мурастуулукту камсыз кылуу.
Күтүлүүчү натыйжалар:
- Жашаган регионуна, социалдык статусуна жана окутуу тилине карабастан бардык балдар үчүн сапаттуу мектепке чейинки кызмат көрсөтүүлөргө бирдей жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу, балдарды камтуунун көрсөткүчүн 60% жеткирүү механизмдерин иштеп чыгуу;
- 12 жылдык билим берүүнүн алгачкы этабын ишке ашыруунун сапатын жана натыйжалуулугун камсыздоо механизмдерин иштеп чыгуу;
- Баалоо системасын өнүктүрүү үчүн санариптик шаймандарды жана платформаларды киргизүүнүн механизмдерин иштеп чыгуу;
- Жалпы жана кошумча билим берүү уюмдарынын ортосунда координацияны күчөтүү, 12 жылдык окутууга өтүүдө тарбиялык жана өнүктүрүү ишмердүүлүгүндө мурастуулукту камсыз кылуу үчүн;
- Кыргыз Республикасынын кесиптик лицейлерин улуттук жана эл аралык эмгек рыногунун талаптарын, билим берүү тармагындагы заманбап чакырыктарды, санариптик экономиканы жана туруктуу өнүгүүнү эске алуу менен трансформациялоо боюнча артыкчылыктуу багыттарды аныктоо жана натыйжалуу чечимдерди иштеп чыгуу;
- Мектепке чейинки, мектептик, кошумча жана башталгыч кесиптик билим берүүнүн сапатын жогорулатуунун механизмдерин иштеп чыгуу.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер