ӨЗГӨНДӨ ЖУГУШТУУ ООРУЛАРДЫН АЛДЫН АЛУУ БОЮНЧА МААЛЫМАТТЫК ОКУТУУ БОЛДУ

  • 08.02.2020
  • 0

ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атындагы Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунда окуган жаштарга жана окутуучуларга дарыгерлер тобу азыркы учурда күч алган коронавирус, грипп, ОРВИ жана кызамык ооруларынын алдын алуу боюнча окутуу өткөрүштү.

ӨЗГӨНДӨ ЖУГУШТУУ ООРУЛАРДЫН АЛДЫН АЛУУ БОЮНЧА МААЛЫМАТТЫК ОКУТУУ БОЛДУ

Өзгөн райондук санитардык-эпидемологиялык көзөмөлдөө борборунун бөлүм башчысы Турсунбай Кожоев, райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун дарыгерлери Улукбек Султанов, Рахат Жакыпова жана аталган борбордун “Ден соолукту чыңдоо” кабинетинин адиси Гулкумар Турдуева жаштарга баалуу кеңештерин беришти.

ӨЗГӨНДӨ ЖУГУШТУУ ООРУЛАРДЫН АЛДЫН АЛУУ БОЮНЧА МААЛЫМАТТЫК ОКУТУУ БОЛДУ

Андан сырткары бул маалымат компаниясында туура тамактануу, физикалык активдүүлүк ж.б. боюнча да окутуу жүрдү.

Бул маалыматты «Кут Билимге» аталган институттун директорунун орун басары, профессор Абдулатов Абдурашит билдирди.

Бөлүшүү

Комментарийлер