ӨЗГӨНДӨГҮ ЖРТ СЕКИРИГИ

  • 11.09.2024
  • 0

Быйыл Өзгөн районунан Жалпы республикалык тестке катышкан бүтүрүүчүлөрдүн  орточо баллы 129.4 болуп, өткөн жылдагы көрсөткүчтөн 20 баллдан ашык жогорулады.

ӨЗГӨНДӨГҮ ЖРТ СЕКИРИГИ

Былтыр ЖРТ жыйынтыгы боюнча көп шаар-райондон артта калган өзгөндүктөр мындай ийгиликке кантип жетишти?
Ош облусуна караштуу Өзгөн районунда жалпысынан 98 жалпы билим берүүчү мектеп бар. Мында 2926 мугалим эмгектенет. Райондо 2023-2024-окуу жылында орто мектепти 1633 бүтүрүүчү аяктады. Алардын ичинен  1018 бүтүрүүчү (62.3%)  ЖРТга катышып, дурус көрсөткүчтөрдү камсыз кылды.
Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Акуш Асанбаевдин айтымында, өткөн жылы жыйынтык начар болчу. 2022-2023-окуу жылынын жыйынтыгын чыгарган былтыркы жыйында  Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы А.У.Жапаров Өзгөн району жана Өзгөн шаары  ЖРТнын жыйынтыгы боюнча эң арткы орунда экендигин айтып, эскертүү берген.

— Чындыгында райондун  орточо баллы 109.1 болуп,  32 мектептин окуучулары босого баллга жетпей калган, — деди Акуш Жаңыбаевич.

ӨЗГӨНДӨГҮ ЖРТ СЕКИРИГИ

Ошентип, 2023-2024-окуу жылынын башынан бул багытта жыл бою  тынымсыз чыгармачыл иш- аракеттер жүргүзүлгөн.  Райондо кошумча окуу борборлору ачылып, мугалимдер атайын окуулардан өтүшүп,  ата-энелерге, окуучуларга ЖРТ маанисин жетик  түшүндүрүп беришкен.

Райондун мектептеринде Улуттук тестирлөө борбору (НЦТ), Билимди баалоо жана окутуу усулдары (ЦООМО)  баш болгон 8 окуу борборлору тарабынан 21 жолу сынамык тесттер алынып, 1156 окуучу кайра-кайра даярдыктан өтүп турушту.

  — ЖРТга даярдыктар өз жемишин берди. Бүтүрүүчүлөрдүн орточо баллы 129.4 болуп, 20 баллдан ашык жогорулады, — дейт райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы.

Райондогу  мектептердин бардыгы босого баллдан жогору баллды камсыз кылышы, көпчүлүк адамдарга Өзгөндөгү ЖРТ секириги тууралуу айтууга негиз болду. Алсак, Т.Бөрүбаев атындагы орто мектептин  өткөн окуу жылындагы орточо көрсөткүчү 78.3 болсо, быйылкысы 140.5 болуп, 62.2 баллга өсүш болгон. Мындан сырткары, бул мектептин бир  окуучусу 203 баллды камсыздады. Ошондой эле К.Тиленбаев атындагы орто мектептин ЖРТга катышкан бүтүрүүчүлөрү толугу менен босого баллдан өтүшүп, орточо 157 баллга  жеткен.

ӨЗГӨНДӨГҮ ЖРТ СЕКИРИГИ.

ӨЗГӨНДӨГҮ ЖРТ СЕКИРИГИ
Бүтүрүүчүлөрдүн арасынан экөөсү:  А.Тангатаров атындагы гимназия-мектебинин окуучусу  Мажитова Индира (228 балл) менен Б.Келдибаев атындагы орто мектебинин окуучусу Мамасалиева Алмаш (226 балл) «Алтын Сертификатка» жетишип, Президенттин колунан грамота, ал эми  А.Тангатаров атындагы гимназия-мектебинин  окуучусу Мухтарова Ажар (221 балл) менен «Тамга» артыкчылык аттестатына ээ болуп, Президенттин колунан «Мамлекеттин сыймыгы» Ардак грамоталарын жана ноутбуктарды алышты. Ал эми Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким  К.С.Апбасов бул бүтүрүүчүлөрдүн ар бирине 100 000 сомдон акча каражатын тапшырган.
Район боюнча 15 бүтүрүүчү 200дөн жогорку баллга жетишип, учурда республикабыздын жогорку окуу жайларынын бюджеттик бөлүмдөрүнүн студенттери болушту.

2023-2024-окуу жылынын башталышында райондун акими К.С.Апбасов ЖРТдан эң жогорку көрсөткүчтү берген мектептер үчүн сынак жарыялаган. Сынактын жыйынтыгы менен А.Тангатаров атындагы гимназия-мектебине жеңил автоунаа белекке берилип, Б.Келдибаев атындагы орто мектебине 500 000 сом акчалай сыйлык тапшырды.

ӨЗГӨНДӨГҮ ЖРТ СЕКИРИГИ
Район агартуучулары быйыл да ЖРТ жаатындагы өткөн жайдагы жетишкендиктерди колдон чыгарбай кармап турууга аракеттенип жатканын белгилей кетели.

А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер