ӨЗГӨНДӨГҮ ӨЗГӨЧӨ СЕМИНАР
- 27.06.2023
- 0
Өзгөндө 25-июнь күнү билим берүү тармагынын кызматкерлерине арналган “Мугалимдердин кесипкөйлүгү” аттуу семинар уюштурулду.
Семинардын модератору Казакстандын Назарбаев университетинин профессору, ТалМУнун жана ОшМУнун ардактуу профессору Шаматов Дүйшөн болду. Иш-чарага Кара-Кулжа районундагы автордук мектептин негиздөөчүсү, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими Орозалы Сайдилканов да катышты.
Семинардын жүрүшүндө мугалимдер XXI кылымдагы керектүү көндүмдөр, баалоо, чечим кабыл алуу, кызматташуу, окучууга карата мамиле, дилемма ж.б. тууралуу пайдалуу маалыматтарды алышты.
Ардактуу мугалим Орозолы Сайдилканов сөз сүйлөп, кесиптештерине багыт берип, керектүү көндүмдөргө ээ болууга чакырды. Иш-чарага жаш педогогдордон тартып, улуу муундагы мугалимдерге дейре катышты.
Азирет ЗАИДОВ, Өзгөн районундагы №14 А. Тангатаров жатак-гимназиясынын мугалими
Комментарийлер