ӨЗГӨНДӨГҮ БАЛА БАКЧАДА ЭМНЕ БОЛДУ?

  • 29.04.2026
  • 0

Социалдык тармактарда Өзгөндөгү бала бакчада болгон ызы-чуу видеосу тарап, көпчүлүктүн талкуусуна түшкөн эле. Агартуу министрлиги бул окуянын чоо-жайын териштирип, чекит койду.

Окуя 24-апрелде Кара-Таш айылындагы “Ак ниет шооласы” бала бакчасында болгон. Бакчанын жетекчиси өз баласын алып келгенде, тарбиячы «кечигип келдиңер» деп баланы кабыл албай койгон. Мындан улам экөөнүн ортосунда кайым айтышуу чыгып, жетекчи кызматтык абалынан пайдаланып, балдардын жана башка кызматкерлердин көзүнчө тарбиячыга орой мамиле жасаган.

Райондук билим берүү бөлүмү окуяны жеринде изилдеп чыгып, төмөнкүдөй чечим кабыл алды:

  • Өзүн кармай албай, этиканы бузгандыгы үчүн бала бакчанын жетекчиси жумуштан бошотулду.
  • Тарбиячы дагы кесиптик тартипти бузган деп табылып, ага катуу эскертүү (сөгүш) берилди.
  • Уруш болуп жатканда четте карап туруп, эч кандай чара көрбөгөн башка кызматкерлерге да эскертүү берилди.

Бул иш боюнча милиция да териштирүү баштаган. Бирок акыркы маалыматтарга караганда, директор менен тарбиячы бири-бирине доосу жок экенин айтып, өз ара келишип алышкан.

Жумуштагы маселени жеке амбицияга аралаштыруунун аягы ушундай кесепеттерге алып келди. Министрлик мындан ары мындай оройлукка жол берилбестигин эскертет.

Нурлан КЫДЫКОВ, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер