ӨЗГӨН: РАЙОНДОГУ КУРУЛУШ ИШТЕРИ МЕНЕН ДЕПУТАТТАР ТААНЫШТЫ
- 21.08.2026
- 0
Жогорку Кеңештин депутаттары Улугбек Ормонов, Сүйүнбек Өмүрзаков, Жылдыз Эгенбердиева жана Азамжан Жалилов Ош облусунун Өзгөн районуна иш сапары менен барып, социалдык объектилердин курулуш иштери менен таанышты.

Маалыматка таянсак, алгач эл өкүлдөрү Баш-Дөбө айыл аймагына караштуу Кызыл-Кырман айылында жайгашкан №43 И.Базаркулов атындагы 275 орундуу орто мектептин курулуш жумуштарын көрүп чыгышты. Сметалык баасы 233 млн 206 миң сомду түзгөн билим уясында заманбап класстар, ашкана, спорт зал, маданий иш-чаралар өтүүчү зал жана сырткы спорт аянтчалары камтылган. Курулуш иштери былтыр 2025-жылы башталып, имаратты быйылкы жаңы окуу жылына карата пайдаланууга берүү пландалууда.


Депутат Улугбек Ормонов эски мектептин имараты буздурулганына байланыштуу жаңы мектепти сентябрь айына чейин бүткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, окуучулардын билим алуусу үзгүлтүккө учурабашы керектигин билдирди.


Андан соң Жогорку Кеңештин депутаттары Өзгөн шаарындагы Өзгөн райондук жалпы дарыгердик практикалык борборунун жаңы имаратынын курулушу боюнча жеринен маалымат алышты.


Сметалык баасы 1 млрд 350 млн сомду түзгөн объекттин курулуш иштери 2025-жылдын октябрь айында башталган. Имаратты быйылкы жылдын 31-декабрына чейин бүткөрүү каралганы менен долбоорго өзгөртүүлөр киргизилип, иштер создугуп келет.

Эл өкүлдөрү жооптуу жетекчилердин маалыматын угуп, каражаттын максаттуу пайдаланылышы жана жумуштардын аткарылышы боюнча тийиштүү органдардын ишин сынга алды. Ошондой эле бир жуманын ичинде аталган суроолор боюнча так маалымат берүү талабы коюлуп, жумуштарды тездетүү зарылдыгы айтылды.



Иш сапардын алкагында Төрт-Көл айыл аймагынын Кыймыл айылында эл менен жолугушуу да уюштурулду. Анда аймактын социалдык-экономикалык абалына байланышкан бир катар маселелер көтөрүлүп, чечүү жолдору талкууланды. Депутаттар тургундардын суроо-талаптары көңүл сыртында калбай турганын белгилеп, алардын чечилиши үчүн зарыл болгон аракеттер көрүлөрүн кошумчалашты.
Г.А., “КБ”