ӨЗГӨН: МУГАЛИМДИН ЭМГЕГИН БААЛАГАН АКИМ АКЧАЛАЙ СЫЙЛЫК ТАПШЫРДЫ

  • 20.03.2024
  • 0

Облустук мектептер арасындагы  предметтик олимпиадада  Өзгөн районунан жалпы 14 окуучу байгелүү орундарга жетишип, эки окуучу 1-орунга ээ болсо, 2-орунга алты окуучу жетишип, Ош облусу боюнча Өзгөн району 1-орунга ээ болду. Жыйынтыгында сегиз окуучу республикалык олимпиадага жолдомо алган.

ӨЗГӨН: МУГАЛИМДИН ЭМГЕГИН БААЛАГАН АКИМ АКЧАЛАЙ СЫЙЛЫК ТАПШЫРДЫ

Мугалимдердин берген билимин, мээнетин актап, ийгилик жаратып, облуста районду алдыга алып чыккан окуучуларга  жана аларды даярдаган мугалимдерге район башчысы Каныбек Апбасов  ыраазычылык билдирди.

ӨЗГӨН: МУГАЛИМДИН ЭМГЕГИН БААЛАГАН АКИМ АКЧАЛАЙ СЫЙЛЫК ТАПШЫРДЫ

Ал мындай ийгиликтерге жетүүдө мугалимдин эмгеги зор экенин  белгилеп, жогорку деңгээлдеги кесипкөйлүк, өз кесибин сүйүү, өлкө жана келечек муун алдында жоопкерчиликти сезе билүү – эң зарыл сапаттар экенине токтолду. Ошондой эле  аларга  дем берүү максатында 50 000 сом акчалай сыйлык тапшырып, республикалык олимпиададан жакшы жетишкендиктер менен келүүсүнө ийгилик каалап, ишеним көрсөттү.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер