ӨЗГӨН ИНСТИТУТУ ДИНИЙ ЭКСТРЕМИЗМГЕ ЖАНА ТЕРРОРИЗМГЕ КАРШЫ

  • 11.06.2021
  • 0

ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атындагы  Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунда “Диний экстремизм жана терроризмдин социалдык жоопкерчилиги” аттуу темада студенттер үчүн “2017-2022-жылдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча” программасын турмушка ашыруу максатында конок лекция өткөрүлдү.

Конок лекцияны Ош облусунун казысы Самидин ажы Атабаев жана Имам аль-Бухари атындагы Ислам институтунун ректору Абдрахман кары Атабаев окуду. Ага Өзгөн районунун жаштары, институттун студенттери жана Өзгөн РИИБнин өкүлдөрү катышты.

Конок лекциянын аягында Ош облусунун казысы Самидин ажы Атабаев окуу жайдын китепканасына баалуу, сейрек кездешүүчү окуу китептерин жана окуу-усулдук колдонмолорун белек кылды.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер