ӨЗГӨЛӨРГӨ ЖҮК АРТУУДАН КАЧАЛЫ

  • 18.03.2020
  • 0

Кайсы заман болбосун, кайсы эл болбосун, тарбия ишин биринчи орунга коюп келишкен. Анткени ар бир элдин келечеги алардын жаш муундарга берген тарбиясына байланыштуу болору айдан ачык эмеспи.

Биздин жаштарга берген туура тарбиябыз — биздин эртеңки  бактыбыз, туура эмес тарбиябыз -биздин  шорубуз экенин улуу педагогдор эбак эле айтып кетишкен. Тарбия маселеси бүгүнкү күндө да өз маанисин жоготпой, актуалдуу бойдон калууда. Анткени, Айды этек менен жаба албагандай эле, учурда жан дүйнө байлыгынан материалдык байлык жогору коюлуп жатканы  жашыруун эмес.

Буга  ата-энелердин өз балдарына тарбия бербей, жакын же кыйыр туугандарыныкына таштап коюп, чет жактарда иштеп жүрүүсү толук далил  боло алат. Ал эми, баарыбыз жакшы билгендей, ата-эненин  балдарынын алдында көптөгөн милдеттери бар.

Башкасын айтпаганда да, ата-эне  негизги билим алууда  болсун, күнүмкү жашоосунда болсун, балдардын шыгын өөрчүтүү үчүн талаптагыдай шарттарды түзүүгө, алардын дене-боюнун өсүшүнө жана психикалык саламаттыгына дайыма кам көрүүгө, баланын ар намысын ызаттоого, эмгекти сүйүүгө, улуу-кичүүнү сыйлоого,  эне тилге, элдик үрп-адаттарга, салттарга ызаттоо менен мамиле  жасоого тарбиялоого милдеттүү.

Эгерде ата-эненин экөөсү тең талаалап жүрсө, анда жогорку милдеттерди ким аткарат? Туура, алар да үй-бүлөм, бала-чакам жетиштүү деңгээлде жашаса деген үмүт-тилек менен кара жанын карч уруп жүрүшөт деңизчи. Мен муну менен аларды толук актагым келбейт. Баарын заманга шылтап коюп, бала тарбиясына кол шилтеп койгонубузду кантип жашыралы.

Үй-бүлөнү багуу атанын, бала тарбиясы менен көбүрөөк шугулдануу эненин мойнунда  экенин эч ким тана албас.  Кандай болгон күндө да балдардын энеси  уул-кызы менен бирге болушу абзел. А бизде экөөсү тең иштеп кетүүдө. Ушунун кесепети бүгүн, же эртең билине койбогону менен, келечегибизге өз залакасын тийгизерин билсек да, билмексен болуп келебиз.

Мен туугандардын колунда калган балдарды эки топко бөлүп келем. Биринчи топтогу балдар ата-энеси алыста болуп, башка бирөөнүн колунда жүргөнүнө кысылып, өз оюн айтуудан тартынып, жада калса кенен жеп, кенен ичүүдөн, эркин жүрүп-туруудан корунган балдар. Алар  муктаждыгын да айта албайт. Чечилип сүйлөп, сырдашууга киши таппай кыйналат. Жашап жаткан үйдүн жумуштарына жардамдашат, бирок андагы кайсы бир жетишпестиктер, муктаждыктар үчүн өзүн күнөөлүү сезет. Ата-энесин сагынып, аны аларга айтуудан ийменет (анткени аларды да кыжаалат кылгысы келбейт). Кээде туугандардан тил да угат. Демек, бул топтогу балдардын жан дүйнөсү жабыркап,  балалык таза сезимине кара тактын издери түшө баштайт. Ал анын эртеңки тагдырына өз кедергисин тийгизет.

Экинчи топтогу балдар тескеринче, өзүн эркин сезет. Анткени,  ата-энеси ай сайын «баламды карап жатат» деп туугандарына салып жаткан олчойгон акчалардын төркүнүн билет. Акчанын шылтоосу менен туугандарына  керсейинки мамиле жасайт. Үй жумуштарына кол кабыш кылбайт. Барган-келген жактарын айтпайт. «Мен кыйналып жатам» деген догурунуу менен,  ата-энесинен акчаны өз алдынча алып, аны каалагандай иштетет. Кийимдин жакшысын кийип, чөнтөк телефондун мыктысын көтөрөт. Ата-энеси салган акчаны туугандарынан жашырып айтпайт. Кыскасы, өз алдынча акча кармап, ашыкча эркин боло баштайт. Бул, албетте, анын тарбиясына терс таасирин тийгизет.

Демек, анысы да,  мунусу да баланын татыктуу тарбия алуусуна тоскоолдук кылат. Ата-эне баланын материалдык муктаждыгын бир аз кечигип чечсе болот, бирок тарбия берүүдөн такыр кечикпөөгө тийиш.

«Куш уядан эмне көрсө учканда ошону алат» деген макалды такыр унутпашыбыз керек.  Ар бирибиз өз балдарыбыздын кыйынчылыгын да, үзүрүн да өзүбүз көрөлү.

Айрыкча азыркы шартта уул-кыздарыбыздын тарбиясын өз колубузга алалы. Кара курсактын, көр дүйнөнүн кулу болуудан качалы, урматтуу ата-энелер!

 

Атаканов Узен, Аксы районундагы  Темиркул Уметалиев атындагы №35 жалпы орто билим берүү мектебинин директору                                                                                             

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер