ӨЗГӨЧӨ ЭТНОМОДА : ЖЕТИ ДУБАН — БИР МУРАС
- 30.09.2026
- 0
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда Кара-Көл шаарындагы №89 кесиптик лицейинин жамааты Кырчын жайлоосунда өткөн «Саркеч» салттуу кийимдер кароо-сынагында кыргыз элинин улуттук мурасын, каада-салтын жана заманбап этномоданы айкалыштырган өзгөчө коллекцияларды тартуулашкан.

Лицейдин жетекчиси Гүлжан Бердимуратованын айтымында, сынакта улуттук колоритти өзгөчө чагылдырган этно-дизайнерлердин жана аймактардын чеберлеринин эмгектери жогору бааланды. Катышуучулар салттуу кийимдерди заманбап дизайн менен айкалыштырып, кыргыз элинин бай маданий мурасын жаңыча өңүттө көрсөтүштү.

— Өзгөчө суктанууну жараткан коллекциялардын бири — биздин лицейдин жамааты жамааты тарабынан даярдалган «Жети дубан — бир мурас» аттуу этномода коллекциясы болду, — дейт жетекчи.

Айтмакчы, «Жети дубан — бир мурас» долбоорунун жетекчиси — Гүлжан Бердимуратова. Долбоордун алкагында даярдалган коллекциянын көркөм жана дизайнердик чечимдерин атайын тигүүчү дизайнерлер Калбү Ызакова жана Эркайым Жолборсова иштеп чыгышкан.

— «Жети дубан — бир мурас» коллекциясында Кыргызстандын жети облусунун өзүнө таандык тарыхый-маданий өзгөчөлүктөрү, улуттук кийимдери, оймо-чиймелери жана салттуу элементтери камтылып, ар бир образ өзүнчө көркөм чечим менен берилди. Уз чеберлердин колунан жаралган саркеч кийимдерде улуттук мурас менен заманбап этнодизайн айкалышып, кыргыз маданиятынын көп кырдуулугу даңазаланды. Коллекциянын сахнада тартууланышы көрүүчүлөрдүн жана коноктордун өзгөчө кызыгуусун жаратып, жогорку баага татыган эмгектердин бири болду. Бул эмгек — жөн гана кийимдердин топтому эмес, «Жети дубан — бир мурас» идеясынын негизинде кыргыз элинин биримдигин, тарыхын, маданиятын жана муундан муунга өтүп келе жаткан узчулук өнөрүн чагылдырган чыгармачылык долбоор, — дейт Гүлжан Бердимуратова.

«Саркеч» кароо-сынагынын негизги максаты — байге талашуу менен гана чектелбестен, көчмөн элдердин руханий маданиятын, салттуу кийимдерин жана улуттук баалуулуктарын дүйнөгө таанытууну көздөдү.

Сынакка катышкан бардык чеберлердин эмгеги жогору бааланып, аларга атайын дипломдор жана баалуу сыйлыктар тапшырылды.




— «Жети дубан — бир мурас» долбоорунун ишке ашуусуна колдоо көрсөткөндөргө өзгөчө ыраазычылык билдиребиз. Долбоордун катышуучуларынын VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына барып, өз өнөрлөрүн татыктуу тартуулоосуна шарт түзүп, ар тараптуу көмөк көрсөткөн Кара-Көл шаарынын мэрине терең ыраазычылык билдиребиз. Ошондой эле долбоордун Көчмөндөр оюндарына катышуусуна мүмкүнчүлүк түзүп, уюштуруучулук иштерге көмөк көрсөткөн РУК аппаратынын өкүлү Айша Токтосуновнага өзгөчө ыраазычылык билдиребиз. Мындай колдоо — жаштардын чыгармачылыгын, улуттук өнөрдү жана кыргыздын салттуу маданиятын өнүктүрүүгө кошулган чоң салым. «Жети дубан — бир мурас» — улуттук мурасыбызды сактап, аны заманбап этномода аркылуу дүйнөгө таанытууга багытталган чыгармачыл долбоор болду. Бул долбоорго кызыккан чет элдик туугандар абдан кызыгып, сүрөткө түшуп жана интервью алып турушту, — дейт кубануу менен лицейдин директору.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”