ӨЗГӨЧӨ БАЛДАРГА ӨЗГӨЧӨ КОНЦЕРТ ТАРТУУЛАШТЫ

  • 10.12.2021
  • 0

Кемин шаарынын борборунда өзгөчө балдарга арналган оюн-шоок кечеси болду. Аны “Кемин ынтымагы” коомдук бирикмеси уюштурду.

“Кемин ынтымагы” коомдук бирикмесинин төрагасы Алтынбек Кабаевдин айтымында, райондук деңгээлдеги иш-чарага район боюнча жалпысынан 100 бала чакырылган.

ӨЗГӨЧӨ БАЛДАРГА ӨЗГӨЧӨ КОНЦЕРТ ТАРТУУЛАШТЫ

— Өзгөчө балдарга майрамдык маанай тартуулаган бул чакан иш-чарага Кемин райондук эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Дамира Тажибаева, Кемин райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Айнагуль Тулебаева, Алмалуу айыл өкмөтүнүн башчысы Улан Шакиров, Чүй облустук өнүктүрүү фондунун төрагасы Кубат Мамыров, Кемин районунун жаштар кеңешинин төрайымы Айдана Айтбаевалар катышты. Райондун акими Алайбек Мусаевич да башка жакта маанилүү жумуштары менен жүргөнүнө карабай, атайын келип, балдарга жылуу сөзүн арнап кетти. Биздин максат – турмуштун оор сыноосуна бала кезинен кабылган бөбөктөрүбүздүн маанайын бир күнгө болсо да көтөрүп, жылуу сөзүбүздү арнагыбыз келди. Мындай демилгелер балдар үчүн эле эмес, алардын ата-энелери жана жакындары үчүн да жагымдуу болуп, чоң күч-дем берип тураары талашсыз. Андыктан алардын түмөн түйшүгүн бир күнгө болсо да көтөргөнүбүзгө кубанабыз, — дейт Алтынбек.

ӨЗГӨЧӨ БАЛДАРГА ӨЗГӨЧӨ КОНЦЕРТ ТАРТУУЛАШТЫ

Өзгөчө балдарга өзгөчө маанай тартуулагысы келген Кеминдин жүрөгү мээримдүү уул-кыздарынын демилгеси менен уюштурулган иш-чараны Кемин райондук маданият үйүнүн таланттуу кыз-жигиттеринин ыр-күүлөрү коштоду. Баарынан да балдарга жакканы – бул Бишкек шаарынан келген “Калейдоскоп” шоу театры болду.

ӨЗГӨЧӨ БАЛДАРГА ӨЗГӨЧӨ КОНЦЕРТ ТАРТУУЛАШТЫ

Майрамга келгендер иш-чарага демөөрчүлүк кылган Кеминдин камкор жигиттери Бакыт Рахматовго, Каныбек Жамангуловго, “Кемин келечеги” коомдук фондуна жана ушундай иш-чараларды уюштуруу иштеринде “Кемин ынтымагы” коомдук бирикмесине жакындан жардам берип келаткан Айгүл Зарылбековнага ыраазычылык билдиришти.

 

Айнагүл Кашыбаева,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер