ЗЭЭНДҮҮ БАЛДАР ӨТКӨРГӨН ФЕСТИВАЛЬ

  • 24.02.2020
  • 0

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Зээндүү балдардын жатак мектеп-гимназиясында салтка айланган “Достук фестивалы” өткөрүлдү.

Анда окуучулар англис, корей, орус, жапон жана кыргыз тилдеринде ырдап, сүйлөп, бийлерди аткарышып, ар түрдүү өнөрлөрүн көрсөтүштү. Иш-чарага Кыргызстандагы чет элдик борборлордун өкүлдөрү катышты.

Коноктордун баамында таэквондо сырларын ачкан, корей барабанында кол ойноткон, кыргыз, жапон бийлерин көркөм бийлеген жогорку класстын окуучуларынын жана англис тилинде хор ырдаган балдардын номурлары мыкты деңгээлде аткарылды. Айрыкча, 11-класстын окуучусу, алып баруучулук милдетти аткарган Жамалдин жапон тилинде мыкты ийгиликтерге жетишип, көрүүчүлөрдүн купулуна толсо, 10-класстын окуучусу Акылай корей тилиндеги жетишкендигин көрсөтө алды. Андан тышкары, 9-класстын окуучусу Алиаскар, 10-класстын окуучусу Адинай, 11-класстын окуучусу Бегимайлар менен бирге эле, 5,6-класстын окуучуларынын аракети текке кетпей, көрүүчүлөрдүн көңүлүн бурду.

ЗЭЭНДҮҮ БАЛДАР ӨТКӨРГӨН ФЕСТИВАЛЬ

Фестивалдын соңунда катышуучулардын баары салтка айланып калгандай, эстеликке сүрөткө түштү.

Айнагүл Кашыбаева,
“Кут Билим”  

Бөлүшүү

Комментарийлер