ӨЗБЕКСТАНДА ОШТУНУН ЖУМАЛЫГЫ ӨТҮҮДӨ

  • 19.04.2023
  • 0

Ош технологиялык университетинин ректору Ж.Ж Турсунбаев жетектеген делегация курамы Андижан айыл чарба жана агротехнологиялар институтунда болду.

ӨЗБЕКСТАНДА ОШТУНУН ЖУМАЛЫГЫ ӨТҮҮДӨ

Иш сапардын жүрүшүндө билим берүү жана илим тармагында кызматташуу туурасында эки тараптуу келишимге кол коюлду жана биргелешкен билим берүү программаларын ишке ашыруу, студенттердин жана окутуучулардын академиялык мобилдүүлүгүн жүргүзүү, эл аралык долбоорлорду биргелешип түзүү, эл аралык илимий-практикалык конференцияларды өткөрүү туурасында макулдашышты. Өзбекстандык кесиптештер кеңири чөйрөдө кызматташууну өнүктүрүүгө даяр экендигин билдиришти.

Иш-чара Ош жана Андижан облустарынын жетекчилеринин 2023-жылдын январында кол коюлган «Жол картасынын» негизинде ишке ашырылып жатат.

Андижан айыл чарба жана агротехнологиялар институту 1964-жылы ачылган. Учурда анда 8000ден ашуун студент билим алат.

Бөлүшүү

Комментарийлер