ӨЗБЕК ЭЛЧИСИ ОШМУНУН СТУДЕНТТЕРИ МЕНЕН ЖОЛУКТУ

  • 14.04.2023
  • 0

Өзбекстандын Кыргызстандагы  Ыйгарым укуктуу элчиси Х.М. Мирзахидов ОшМУдагы өзбекстандык студенттер менен жолугуп, аларды кызыктырган суроолорго жооп берди.

ӨЗБЕК ЭЛЧИСИ ОШМУНУН СТУДЕНТТЕРИ МЕНЕН ЖОЛУКТУ

Жыйынга студенттик коомчулук менен иштөө боюнча проректор Ж.А. Артыкова, элчинин кеңешчиси П.А. Саидов, Өзбекстан жаштарынын бүткүл дүйнөлүк ассоциациясынын Кыргызстандагы өкүлү Б. Абдусаматов, өзбек улуттук маданий борборунун түштүк аймагы боюнча төрагасынын орун басары А. Атажанов, чет өлкөлүк жарандар менен иштөө жана консулдук кызмат көрсөтүү бөлүмүнүн кызматкерлери жана 500гө жакын студент катышты.

Дипломат Хуршид Мирзахидов Өзбекстандын жаңы Конституциясындагы адам укугу, жаштар маселелери, гендердик саясат ж.б. тууралуу киргизилген өзгөртүүлөр менен тааныштырып, 30-апрелде өтө турган жалпы республикалык референдумга активдүү катышып берүүгө чакырды. Жакында Ошто элчиликтин түштүк регион боюнча иш алып баруучу генералдык консулдугу ачыла тургандыгын жарыялады.

Студенттер дипломду нострификациялоо, өзбек окуу жайларына которулуп-тикеленүү, жоголгон документтерди калыбына келтирүү ж.б. маселелер боюнча суроолорду беришип, Кыргыз Республикасынын аймагындагы виза режими, каттоого туруу мөөнөтүн узартууну кайрадан карап чыгуу сунуштары менен кайрылышты.

Жыйын чет өлкөлүк жарандар менен иштөө жана консулдук кызмат көрсөтүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан уюштурулду. Аталган бөлүм жакынкы күндөрү Индиянын Кыргызстандагы Ыйгарым укуктуу элчиси менен  жолугушуу өткөрөт. Анткени өзбекстандык жана индиялык студенттер окуу жайдагы чет өлкөлүк студенттердин басымдуу бөлүгүн түзөт.

Айгерим Токтобаева, «КУТ БИЛИМ» 

Бөлүшүү

Комментарийлер