ЫСЫК-КӨЛ: ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫНА ЖАҢЫ МЕКТЕП
- 28.07.2026
- 0
Кара-Талаа айылынын окуучулары эми заманбап жаңы мектепте билим алышат. Курулуш министрлиги тарабынан Тоң районунун Кара-Талаа айылында 275 орундуу жаңы мектеп салынды.
Объекттин курулушу 2024-жылдын октябрь айында башталып, бүгүнкү күндө курулуш дээрлик аяктап, ичин сырдоо жана тазалоо жумуштары аткарылууда. Республикалык бюджеттин эсебинен каржыланган долбоордун жалпы наркы 236 миллион сомду түзөт.

Эки кабаттуу жана үч блоктон турган жаңы мектептин жалпы аянты 2 980 чарчы метрди түзөт. Имаратта заманбап окуу класстары, лаборатория, китепкана, ашкана, жыйындар залы, эмгекке үйрөтүү кабинеттери жана спорт залы каралган. Мындан тышкары, мектептин аймагында жайкы футбол аянтчасы курулган.
Бул долбоор аймактагы социалдык инфратүзүмдү жакшыртууга, окуучулардын сапаттуу билим алуусу үчүн заманбап жана коопсуз шарттарды түзүүгө багытталган.
А.К., «КБ»
Комментарийлер