ЗАМИРБЕК ҮСӨНБАЕВГЕ АРДАКТУУ ПРОФЕССОР НААМЫ БЕРИЛДИ

  • 31.05.2023
  • 0

Төкмө акын, обончу, дастанчы, улуу устат Замирбек Үсөнбаевге Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университети  “Ардактуу профессор” наамы ыйгарылды.

ЗАМИРБЕК ҮСӨНБАЕВГЕ АРДАКТУУ ПРОФЕССОР НААМЫ БЕРИЛДИ

— Улут сыймыгы, улуу залкар, талант Замирбек Үсөнбаев биздин окуу жайда дээрлик жыйырма жылга чукул эмгектенип, жаштарды тарбиялоодо, кыргыздын төл өнөрүн – төкмөлүк, дастанчылыкты жайылтууда, өнүктүрүүдө нар көтөргүс эмгек жасады. Обончулугу да өзүнчө бийик баага татыйт. Улуу залкардын алдында башыбызды ийип таазим этип, ардактуу наамды тапшыруудабыз!

ЗАМИРБЕК ҮСӨНБАЕВГЕ АРДАКТУУ ПРОФЕССОР НААМЫ БЕРИЛДИ

Замирбек ата, Сизди окуу жайдын куту деп билебиз. Келип жаштарга акыл-наасаат айтып туруңуз. Ар убак кучак жайып тосуп алабыз, – деди ректор  Т.Колдошов.

ЗАМИРБЕК ҮСӨНБАЕВГЕ АРДАКТУУ ПРОФЕССОР НААМЫ БЕРИЛДИ

КММИУнун пресс-катчысы Улукбек Омокеевдин берген маалыматына таянсак, иш-чарага КРдин Эл артисттери Келдибек Ныязов, Азамат Болгонбаев, КРдин эмгек сиңирген артисттери Рысбай Исаков, Анапия Райымбекова, А.Үсөнбаев атындагы мамлекеттик  “Эл шайырлары” театрынын директору Кылычбек Бекишов, Улуттук “Манас” театрынын директору Азиз Биймырза уулу баштаган театрдын артисттери, кызматкерлери жана КММИУнун окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрү, залкардын шакирттери катышты.

ЗАМИРБЕК ҮСӨНБАЕВГЕ АРДАКТУУ ПРОФЕССОР НААМЫ БЕРИЛДИ

Наам тапшыруу аземдин жүрүшүндө төкмө акындар куттуктоо ырын ырдап, өнөрпоздор З.Үсөнбаевдин обондорун аткарышты.

Залкар талант КММУда 1993-жылдан 2011-жылга чейин иштеп, төкмө акындар жана дастанчылар класстарын негиздеп, аны узак жылдар бою жетектеген. Өмүрзак Кайыпов, Элмирбек Иманалиев, Азамат Болгонбаев, Самат Көчөрбаев, Аалы Туткучев, Баян Акматов ж.б. бир катар таланттардын устаты катары беш жыл окутуп, акын, дастанчыларды тарбиялаган.

— Бүгүнкү күн мага өзгөчө болуп турат. Өзүм иштеп кеткен окуу жай мага чоң сый көрсөттү. Бул кыргыздын улуу өнөрүнө, манасчылык, дастанчылыкка берген жогору баа деп билем. Окуу жай жетекчилигине, профессордук-окутуучулук курамга терең ыраазычылык айтам. Куттуу окуу жай өнүгө берсин. Бөпөлөп, талантты сыйлаган кыргыз элиме таазим, – деди Замирбек Үсөнбаев.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер