ЗАМАНГА АРЫМДАШ ӨНӨРЛҮҮ БАЛДАР ҮЙҮ

  • 26.03.2020
  • 0

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарындагы Ч.Айтматов атындагы балдардын чыгармачылык үйү ар өнөр менен алектенген балдардын шык-жөндөмүн арттыруу аракетинде заман талабына шайкеш иш алып барууда. Отуз жылдан ашык убакыт аралыгында бул үй ЮНЕСКОго мүчө болууга жетишип, балдар көптөгөн ийгиликтерди жаратты. 

Жаш таланттардын ордосу болгон чыгармачылык үйдүн директору Гүлжан Бердимуратова менен чыгармачыл жаштар жараткан ийгиликтер жөнүндө баарлаштык.

ЗАМАНГА АРЫМДАШ ӨНӨРЛҮҮ БАЛДАР ҮЙҮ

— Балдардын чыгармачылык үйү ишке берилгенден тарта, мектеп жашындагы жана мектепке чейинки жаш курактагы окуучулардын чыгармачылык шык-дараметин өнүктүрүү багытындагы ар түрдүү кароо-сынактарга катышып, республикалык деңгээлдеги ийгиликтерге жетишип келатат. Биздин үй негизинен 120 балага ылайыкталып курулган. Азыркы күндө ар бир бөлмөдө эки нөөмөттө экиден ийрим сабактар өтүлөт. Балдардын ар тараптуу кызыгуусун арттырып, чыгармачылык дараметин өнүктүрүү максатын көздөгөн бул үй – балдардын эле эмес, ата-энелердин да сүймөнчүктүү жайы. Учурда комплектелген 22 түрдүү ийримде 945 бала тарбияланат. Ушунун өзү эле балдардын кызыгуусу жыл сайын артып келаткандыгынын айкын далили,-дейт Гүлжан Бердимуратова.

Биз багындырган баш байгелер

— Биз үчүн 2019-жыл өтө жемиштүү жыл болду. ЮНЕСКО клубуна  мүчөлүккө кабыл алынып, шаардагы “Эл аралык уюм” сертификатына ээ болдук. Ошол эле жылы “Жаратылыш жана фантазия” ийриминин катышуучусу Арген Ыстамов (жетекчиси Э.Бечелова) “Ийгиликке карай жол-2019” сынагында баш байгени утуп алып, Россия Федерациясынын сүрөт академиясына жолдомо алды. Биздин балдар республикалык жана эл аралык сынактарга катышып, байгелүү орундарды багындырууга жетишти. Алсак, “Мен кыргызстандык экендигиме сыймыктанам — 2019”  республикалык сынагында Шермат уулу Нармат биринчи орунду ээлеп, ошол эле жылдын октябрь айында Казакстанда өткөн “The Planet of ART — 2019” эл аралык конкурсунда Кыргызстандын намысын коргоп байгелүү орунга жетишти. Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына арналып, көгүлтүр көл жээгинде 1-7-июль күндөрү өткөн “Ысык-Көл балдардын көзү менен — 2019” балдардын коомдук уюмдарынын жана бирикмелеринин лидерлеринин эл аралык слётуна жана пленэрдик практикасына  А.Залимова жетектеген “Көркөм өнөр” ийриминин жана Э.Ж.Бечелова жетектеген “Жаратылыш жана фантазия” ийриминин таланттуу окуучулары катышып, Арген Истамов биринчи орунду ээлеп, диплом жана сыйлуу белектер менен сыйланды,-дейт Гүлжан Бердимуратова.

ЗАМАНГА АРЫМДАШ ӨНӨРЛҮҮ БАЛДАР ҮЙҮ

Балдардын шык-жөндөмүн өркүндөтүп, аларга дем-күч, туура багыт берип, алар алган сыйлыктарга сыймыктанып, кошо кубанышкан чыгармачыл педагогикалык жамааттын өздөрү жетишкен ийгиликтер да аз эмес. Чыгармачыл үйдүн директору Г.К.Бердимуратова “Биз дүйнөнү жакшыртабыз” аттуу социалдык-педагогикалык долбоордун сынагына катышып, экинчи орунду ээлеп, кубок жана ББИМнин ардак грамоталары менен сыйланганы жамаатты эки эсе сыймыкка бөлөдү.

Билим берүү жана илим министрлиги жана “Балажан” РЭТББ тарабынан  уюштурулган “Ысык-Көл досторун чакырат — 2019” эл аралык этно-карнавалында Кара-Көл шаардык балдардын чыгармачыл үйүнүн  “Улуттук  бий” ийрими, “Келечек” комузчулар ансамбли топ жарып өзгөчөлөнө алышты. Каракөлдүктөр ошондо жалпысынан төрт Гран-при, төрт кубок, 26 алтын медаль, 15 күмүш медаль жана министрликтин Ардак грамоталарына ээ болушту. Алтын медалдын көбү комуз жана бий ийриминин таланттуу балдарына таандык. Атап айтканда, жаш комузчу Айдана Алмазбекованын жана кенже топтогу Н.Ратбекованын улут сыймыгы болгон комузда кол ойнотуп жеке аткарган номурлары көз жаздымда калган жок.

ЗАМАНГА АРЫМДАШ ӨНӨРЛҮҮ БАЛДАР ҮЙҮ

Өспүрүм курактан өнөр таптап, келечекке кең арыш таштаган балдар ар бир даталуу күндөрдөн тышкары, коомчулуктун көңүл борборундагы көйгөйлүү маселелерге арналган иш-чаралардын баардыгына жакындан катышып, шаардыктарды коомдогу көрүнүштөргө кайдигер болбоого, саламат жашоого үндөшөт. Алсак, коррупцияга каршы күрөшүү, СПИДге каршы күрөшүү ж.б. темалары ошондой актуалдуу маселелерди камтыйт.

“Энелер мектебинин” аракети эң жогорку деңгээлде

Чыгармачыл үйдүн жаш таланттары жаңы жыл майрамына арналган “Мэрдин балатысы”, “1-июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнү”, 9-сентябрдагы “Комуз күнү” жана башка шаардыктар белгилеген бардык майрамдарга активдүү катышат. Айрыкча, комуз күнүндө өткөн “Таңшы комуз” флешмобу өзүнүн өзгөчөлүгү менен көргөндөрдүн эсинде көпкө сакталып калды.

Былтыр Талас жергесинде өткөн улуттук көчмөндөр оюндарынын “Көчмөндөр кайрыктары” маданий иш-чарасынын улуттук ыр-бийлер сынагына “Келечек” бий тобу  А.Култаеванын жетекчилиги менен катышып келди.

Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылынын алкагында Ч.Айтматов атындагы балдар чыгармачылык үйүндө өткөн шаар аралык шахмат турнирине 1-класстан 11-класска чейинки окуучулар активдүү катышып, өздөрүнүн шахматтагы чеберчилигин көргөзө алышты.

Ушул жетишкендиктердин баары албетте, ата-энелердин активдүү колдоосу менен ишке ашып келүүдө.

— “Энелер мектеби” долбоорунун алкагында “Өспүрүм курактагы балдардын психологиясы”, “Баланы тарбиялоодо кетирилген сегиз кемчилик”, “Балдар менен биргеликте гүл жасайбыз” “Балдардын үй тапшырмасын чогуу аткарабыз”, “Балдарды китеп окууга кантип шыктандыра алабыз”  ж.б. сыяктуу көптөгөн темалар менен иштейбиз. Ата-энелердин балдар менен болгон мамилесин чыңдоо менен бирге, мектептен тышкаркы билим берүү балдарынын бош убактысын эптеп эле өткөрүү үчүн эмес, кошумча өнөргө үйрөнүүнүн зарылдыгын далилдеп, ортодогу байланышты чыңдоого жетиштик.

ЗАМАНГА АРЫМДАШ ӨНӨРЛҮҮ БАЛДАР ҮЙҮ

Кайтарым байланыш аркылуу баланын окууга эле эмес, башка өнөргө кызыгуусу ата-энеси менен бирдикте болгондо гана бекем болооруна дагы бир жолу ынандык. Энелерге сабак өтүү учурунда балдар менен ата-эненин ортосунда байланыш жок болуп бара жатканын көрсөтүп, өздөрү да биздин мекемеде билим алса боло турганын далилдедик. Бул мээнетибиз текке кеткен жок. Биз алардын жардамы менен көптөгөн кароо-сынактарга катышуу үчүн зарыл болгон материалдык-техникалык базабызды да чыңдай алдык.

Ата-энелер менен кайтарым байланыштын азыр пайдасы көп тийүүдө. Мисалы, азыркы чукул кырдаалда да ийримдерибиз иштеп жатат. Аралыкта иштөө ыкмасын колдонгон мугалимдерибиз жаңы иш дептер ачып, компьютер, смартфон аркылуу балдар менен видеобайланышка чыгышып, тапшырмаларды көрсөтүшөт. Балдар үйлөрүндө ата-энелери менен бирдикте ал тапшырмаларды аткарып жатышат. Мисалы, шурудан гүл, кийизден кол баштык, жүндөн сүрөт картинкаларды жасоо сыяктуу кол эмгек сабактары өтүп жатат. Бий жана комуз көнүгүүлөрү да ошондой эле ыкма менен үйрөтүлүүдө. Алар үйрөнгөндөрүн видеого тартып кайра салып жиберишет, мугалим ошого жараша баа коет,-дейт Гулжан айым.

Чыгармачылык үйдүн демөөрчүлөрү

Эки жыл мурда шаардын ишкерлери жыл сайын кулач жайып келаткан таланттуу жаштардын ордосун кеңейтүү демилгесин колдошуп, кошумча төрт бөлмөнү толугу менен ремонттон өткөрүп беришкен. Былтыр болсо ата-энелердин жана жеке демөөрчүлөрдүн каржылык колдоосу менен кабинеттерге түстүү үч телевизор, доска, ноутбук, проектор жана башка эмеректер алынып, толук жабдылган. Жергиликтүү бийликтен 210 000 сомдук акчалай колдоо алышкан чыгармачылык үйдүн чебер кыздары учурда “Этно-мода” аталышындагы кыргыздын улуттук кийимдерин тигүү менен алектенишүүдө.

— Балдардын акыл-эсин өстүрүүгө, чеберчилигин арттырууга түрткү берүүчү шахмат, шашки, жаш конструктор ж.б. ийримдеринен башка дагы балдарды жаратылышты сүйүүгө жана коргоого үйрөткөн ийримдерибиз да бар.

“Аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүү жана балдарды колдоо” жылында проектор, ноутбук жана ар бир кабинетке телевизор коюп, “Mirakas”  программасынын жардамы менен сабактарды онлайн өткөрүүгө өттүк. Балдардын чыгармачылык шык-жөндөмүн өркүндөтүүгө бардык дараметин жумшаган мугалимдер өздөрү да билим-тажрыйбасын өркүндөтүү, жаңы билимге ээ болуу заман талабы экенин жакшы билишет. Алар Кыргыз билим берүү академиясы жана “Балажан” билим берүү борбору уюштурган билимин жогорулатуу курстарына жана башка эл аралык уюмдардын окууларына байма-бай катышып турушат. Акыркы эки жылда тогуз мугалим “Балажандын” билимин жогорулатуу курсуна катышса, бир мугалим Кореяга барып сертификат алып келген,-дейт сыймыктануу менен.

Заманыбыздын алп жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун ысмын алып жүргөн балдардын чыгармачылык үйүнүн жаш таланттары жетишкен бул ийгиликтер чек эмес деп ишенебиз.

Айнагүл Кашыбаева,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер