ЗАМАНБАП ЖАНА НАТЫЙЖАЛУУ ОКУТУУГА КАРАЙ

  • 17.05.2023
  • 0

Бүгүн Бишкек шаарында Билим берүү жана илим министрлигинин «Санарип мектеп»санариптик технологияларын колдонуу менен окутуунун заманбап жана натыйжалуу системасын түзүү” аталышындагы Бишкектин жана Чүй облусундагы мектеп директорлорунун форуму өтүп жатат.

Аталган иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев, Эл аралык өнөктөштөр жана Министрликтин ведомстволук мекемелеринин өкүлдөрү катышууда.

Форумдун жүрүшүндө Министрликтин санариптештирүү жаатындагы жүргүзүлүп жаткан иштери тууралуу докладдар угулуп, «Билим берүү тутумундагы санариптик платформалардын келечеги жана көйгөйлөрү», «MozaBook билим берүүчү презентация программасы», “PISA: Кыргыз Республикасындагы мектеп окуучуларынын санариптик көндүмдөрүн жана медиа сабаттуулук деңгээлин баалоо”, «ББОУБ долбоорлорундагы санариптик технологиялар», «Компьютердик тестирлөө билим берүүнүн сапатын баалоо механизми катары» аталышындагы презентациялар тартууланууда.

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер