ЗАМАНБАП ТЕХНОЛОГИЯ, САПАТТУУ БИЛИМ БЕРҮҮ
- 15.06.2026
- 0
Нарын облусунда “Кыялымдагы Кыргызстан: Нарын 2026” жаштар форумунун алкагында жаш мугалимдердин кесиптик чеберчилигин арттырууга багытталган масштабдуу иш-чара башталды. Ага аймактагы билим берүү мекемелеринен 500гө жакын жаш педагог катышууда. Учурда катышуучулар заманбап билим берүү, санариптик технологияларды сабактарда колдонуу жана педагогикалык инновациялар боюнча өз ара тажрыйба алмашып жатышкан кези.
Форумдун негизги максаты — жаш агартуучулардын кесиптик өнүгүүсүнө ар тараптуу колдоо көрсөтүү, алардын чыгармачыл демилгелерин коомчулукка жайылтуу болуп саналат. Муну менен катар, билим берүүнүн сапатын жаңы деңгээлге көтөрүүгө багытталган жаңы идеяларды ортого салып, талкуулоо аркылуу жаш адистерге мотивация жана дем берүү көздөлгөн.
Иш-чаранын маанисин арттыруу үчүн атайын чакырылган спикерлердин арасында өлкөгө белгилүү лидер, заманыбыздын мыкты агартуучусу Гапыр Мадаминов баштаган тажрыйбалуу адистер бар. Форумдун алкагында жаш педагогдор атайын тренингдерге, талкууларга жана сессияларга активдүү катышууда. Анда окутуунун заманбап усулдары, жасалма интеллекттин билим берүүдөгү ролу жана санариптик ресурстарды мектеп программасында натыйжалуу пайдалануу жолдору боюнча тереңдетилген пайдалуу маалыматтар берилүүдө.






Комментарийлер