Заманбап окуу китептерин басууга жумшалган миллиондор
- 24.07.2024
- 0
12 жылдык мектепти жаңыланган мазмун менен камсыз кылуу үчүн окуу китебин толук алмаштыруу керек. Бул боюнча министр Догдуркүл Кендирбаева басма сөз жыйында билдирди.
Министр «Окуу китеп» басма үйү Сингапурдун Marshall Cavendish Education билим берүү мекемесинен 83 млн сомго 32 аталыштагы эл аралык окуу-методикалык комплекстерге лицензия алынып, ушул тапта аларды англис тилинен кыргыз, орус тилдерине которуу иштери жүрүп жатканын билдирди.
— «Окуу китеби» басма үйү бардык класстар үчүн математика, физика, химия, биология, табият таануу, англис тили боюнча окуу-методикалык комплекстерди мөөнөтсүз пайдалануу укугуна ээ болду, – деди министр.
Министрлик 2023-2024-жылдары 1 168 280 нускада жаңы китептер басылып чыгарын билдирди. Маалыматка ылайык, жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыз кылууга 2023-2024-жылдары республикалык бюджеттен 152 000 600 сомдон бөлүнгөн.
Анын эсебинен 2023-жылы 29 аталыштагы китептер: 16 окуу китеби, 13 методикалык колдонмо даярдалып, 738 670 нуска менен чыккан. Мындан сырткары, Брайл ариби менен 1 650 нуска даярдалган. Ал эми 2024-жылы 9 аталыштагы китептер: беш окуу китеби, төрт методикалык колдонмо 53 120 нускада кошумча басылган. Учурда болсо төрт аталыштагы китеп: эки окуу китеби, эки методикалык колдонмо 375840 нускада басылууда.
Ал эми 2024-жылы 9 наамдагы китептер (5 окуу китеби, 4 окуу-методикалык комплекстер) 53 миң нуска менен, 1-класстар үчүн «Азбука», «Орус тили» окуу-методикалык комплекстери жалпы тиражы 375 миң нускадан ашык басылып чыкты.
Ошентип, жалпы 791 миң нускада (анын ичинен 770 миң окуу китептери, 21 миң окуу-методикалык куралдар) окуу-методикалык комплекстер республиканын мектептерине бөлүштүрүлгөн.
«Министрлик жаңы окуу китептерин даярдоо (басып чыгаруу) үчүн жалпы суммасы 278 306 101 сомго келишим түзгөн», — деди Д.Кендирбаева.
Мындан сырткары, учурда Дүйнөлүк Банктын колдоосу менен санариптик китептер жана видео-контент үчүн платформа иштелип жатканын кошумчалады.
Эльвира Какиева, “Кут Билим”
Комментарийлер