ЗАМАНБАП МУГАЛИМДИН ТЕХНИКАЛЫК САБАТТУУЛУГУ

  • 08.05.2020
  • 0

Санарип технологияларды өздөштүрүү жана мугалимдерге өзгөчө мотивация берүү максатында өткөн жылы ноябрь айында уюштурулган республикалык «Санарип мугалим Кыргызстан» конкурсуна И.Раззаков атындагы КМТУнун Политехникалык колледжинин физика сабагынын окутуучусу Айнура Тынышова катышып, ийгиликтерди жаратты.

Заманбап окутуучу деген ким?

И.Раззаков атындагы КМТУнун Политехникалык колледжинин директору Нурайым Турусбекованын айтуусу боюнча, бул суроо анын кесиптештери онлайн сабактарына катышып жатканда келди.

— “Ким эскини алпештеп, жаңыны аңдап-билсе, андай адам, мугалим боло алат”, — деп бекеринен айтылбаса керек. Биринчиден, бул – терең базалык билим алган окутуучу. Ал өз сабагына абдан кызыгат. Ал өзүн-өзү өнүктүрүүгө дайыма убакыт бөлөт. Жакшы психолог. Студент үчүн окутуучу – үлгү, туура багыт көрсөтүүчү, насаатчы … Анан дагы студент үчүн заманбап окутуучу — техникалык жактан сабаттуу, жашоодо жана окуу процессинде санариптик технологияны кантип колдонуу керектигин мыкты билет. Бүгүнкү күндө санарип куралдары — окутуучу менен студенттин ортосундагы абдан жакшы окуу карым-катнашы болуп саналат. Айрыкча, аралыктан окутуу шартында. Жада калса карантин да, биздин техникалык жактан такшалган, билими бар алдыңкы окутуучуларга сабактарды кызыктуу жана мазмундуу уюштурууга тоскоол болбойт. Менин кесиптештеримдин бири Тынышова Айнура Медеркуловна жогоруда айтылгандай заманбап окутуучулардын катарына кирет, — дейт колледждин директору.

Санарип мугалим

ЗАМАНБАП МУГАЛИМДИН ТЕХНИКАЛЫК САБАТТУУЛУГУ

Айнура Тынышова өз сөзүндө: «Билим берүү чөйрөсүн санариптештирүүдө айрым салттуу эмес ыкмалар жөнүндө жана менин студенттерим дүйнөдө тездик менен өнүгүп келе жаткан жаңы мультимедиялык технологияларды колдоно билсе деп ойлоно баштадым. Аңгыча эле конкурс жарыяланып, катышып калдым. Мага конкурска катышкан абдан жакты, көптөгөн жаңы программалар, мультимедиялык технологиялар менен иштөөнү үйрөндүм, кесиптик жактан өстүм, тажрыйбаларды чогулттум жана алган тажрыйбаларымды окуу процессинде кеңири пайдаланып, көптөгөн жетишкендиктерге жете алдым деп ойлойм».

Азыркы учурда Айнура Медеркуловна аралыктан окутуу мезгилинде инновациялык технологиялардын ыкмаларын иш жүзүндө колдонуп жатканын баса белгиледи. Алар:

LearningApps, Mentimeter, Genial.ly, Online Test Past, Google Forms жардамы менен онлайн тест даярдоо; Youtube, Facebook, Одноклассники баракчаларынан аудио, мультимедиялык анимацияларды, видеороликтерди көчүрүп алуу; социалдык тармактарга керектүү материалдарды жарыялоо; тиркемелеринин жардамы менен викториналарды түзүү; zoom тиркемесинин жардамы менен видеоконференцияларды уюштуруу; Google Classroom, multiurok.ru, mozaweb.com тиркемелеринин жардамы менен онлайн сабактарды өтүү үчүн аянтчаларды түзүү; Саnva, Zeetings, Microsoft PowerPoint ж.б. тиркемелердин жардамы менен инфографиктерди, квесттерди, тапшырмаларды, презентацияларды түзүү; пайдалуу шилтемелерди билим берүү процессинде колдонуу: uchportal.ru, uchi.ru, infourok.ru, class-fizika.ru сыяктуу; Live Worksheets, Wizer.me, Formative аянтчасы менен интерактивдүү жумушчу дептерлерди түзүү; ZipGrade программасынын жардамы менен тесттерди текшерүү; студенттердин ишин текшерүү: видеороликтерин, презентацияларын, коллаждарын, ж.б.; студенттер жана ата-энелери менен кайтарым байланыштарды түзүү.

Учурда Айнура Медеркуловна компетенттүү насаатчы, заманбап окутуучу катары алган тажрыйбаларын кесиптештери менен тең бөлүшүп, жогорудагы санарип ыкмаларды студенттерге аралыктан окутууда кеңири пайдаланып, билим берип келет.

Аралыкта окутуу тез жана натыйжалуу уюштурулду

Мультимедиялык технологияларды колдонуу окуу процессин уюштурууда, ошондой эле студенттердин чыгармачыл жөндөмдөрүн өнүктүрүүдө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат; окутуучуларга ар кандай дисциплиналар боюнча лекциялык сабактарды, практикалык жана лабораториялык иштерди жүргүзүү үчүн ыңгайлуу курал, анткени бул, жогоруда айтылгандай, билим берүү жана өнүгүү программаларын, презентацияларды, мультимедиялык окуу куралдарын, фильмдерди, ж.б. колдонууга мүмкүнчүлүк берет.

— Окутуунун деңгээлин жогорулатууда жана санариптик каражаттарды колдонууда, айрыкча, аралыктан окутуу мезгилинде заманбап мугалимдин техникалык сабаттуулугу маанилүү ролду ойнойт.

Колледжде окутуучулардын санарип сабаттуулугун жогорулатуу, алардын потенциалын ишке ашыруу үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Ушул шарттардын бири — окуу процессинин техникалык жактан жабдуусу. Учурда колледжде бардык окуу кабинеттери британдык Promethean компаниясынын ActivePanel жана ActiveBoard сериясындагы заманбап интерактивдүү жабдуулар (интерактивдүү панелдер жана такталар, кыска фокустук, алыскы фокустук жана көчмө проекторлор) менен жабдылган. Бардык интерактивдүү панелдер жана такталар компьютерлерге туташтырылып, интернетке кирүү мүмкүнчүлүктөрү менен толукталган. Россиялык «Диалог» компаниясынын «Диалог-3» мультимедиялык лингафон лабораториясы орнотулган. Окутуучулардын жана студенттердин өз алдынча иштөөсү үчүн атайын жабдылган компьютердик класста интернет тармагын акысыз пайдалануу камсыздалган.

Ошентип, колледждин окуу процессинин заманбап техникалык жабдылышы, Айнура Медеркуловна сыяктуу заманбап окутуучулардын мол тажрыйбасы, демилгеси жана техникалык даярдыгы карантин убагында студенттерибизди аралыкта окутууну тез жана натыйжалуу уюштурууга мүмкүндүк берди. Талыкпаган эмгектин, тажабаган аракеттин артында сөзсүз ийгилик болот эмеспи. Андыктан студенттердин жан-дилине илим-билим үрөөнүн сээп, жаркын максаттарга үндөгөн окутуучулардын ийгиликтери арбын жана алар менен чогуу болсун!дейт Нурайым Турусбекова.

Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер