«ЗАМАНБАП МУГАЛИМДИН КЕСИПТИК КОМПЕТЕНЦИЯЛАРЫ»

  • 13.12.2021
  • 0

Ушундай аталыштагы  жаш окутуучулар үчүн семинар-тренинг Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде болуп, ага окуу жайдын  ар бир кафедрасынан жаш окутуучулар жана Оштогу башка ЖОЖдордон, орто мектептерден өкүлдөр катышты.

Семинарды белгилүү педагог,  Казакстан педагогикалык илимдер академиясынын мүчөсү, Бишкектеги “Маариф” билим берүү комплексинин директору, педагогика илимдеринин доктору, доцент Кыялбек Акматов өтүп, окутуучулар  менен билим берүү жаатында кеңири маек курду.

Тренингдин жүрүшүндө лектор, алгач педагогика, анын өнүгүү тарыхы, актуалдуулугу, абалы жана кыргыз эл мугалимдеринин билим берүүгө кошкон салымдарына учкай токтолду. Муну менен бирге заманбап мугалимди тарбиялоо учурдун талабы  жана учурда кандай кадрлар даярдалып жатканы — болочок педагогдорго  билим берип жаткан окутуучулардан көз каранды экенин белгилеп, окутуучулардын жоопкерчилигине кайрылды. Ошондой эле заманбап мугалимдин  окутуу процессинде ыңгайлуу (жайлуу) психологиялык чөйрөнү жаратуу жөндөмдүүлүгү, бүтүндөй класс окуу процессине тартылгандай кылып сабакты уюштуруу жөндөмдүүлүгү, класста жылуу атмосфераны жаратуу, кесиптик имиджи, ошону менен бирге сырткы көрүнүштү (кийими, сүйлөө кеби) колдонуу көндүмү сыяктуу бир нече кесиптик компетенциялары боюнча кеңири баяндама жасап, окутуу, тарбиялоодогу айрым усул, ыкмаларын практикалаштырып көрсөтүп берди.

Белгилей кетсек, аталган семинар  окутуучулардын, өз билимдерин өркүндөтүү, педагогикалык чыгармачылыкка үндөө жана алардын изденүүсүнө багыт берүү максатында университеттин  окуу бөлүму тарабынан уюштурулду.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер