ЗАМАНБАП БИЛИМ БЕРҮҮГӨ БАГЫТ АЛУУ – УЧУР  ТАЛАБЫ

  • 14.03.2024
  • 0

Талас райондук, шаардык билим берүү бөлүмү тарабынан  “Билим берүүдөгү заманбап тенденциялар, мектеп билим берүүсүнүн келечектеги орду” аталышында  семинар өткөрүлдү.

ЗАМАНБАП БИЛИМ БЕРҮҮГӨ БАГЫТ АЛУУ – УЧУР  ТАЛАБЫ

Талас райондук, шаардык билим берүү бөлүмүнүн маалыматына таянсак,  XXI кылымда дүйнө жүзүндө болуп жаткан технологиялык өзгөрүүлөрдүн билим берүү жана эмгек рыногуна тийгизип жаткан таасирлери жана бүгүнкү күндө   алдыга чыгып жаткан IT технологиялар жана биотехнологиялар боюнча маалымат берүү  максатындагы иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Мира Сейдикеримова, Талас районунун акиминин орун басары Венера Мамбеталиева, Талас шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Руслан Джээнбеков, Талас усулдук билим берүү борборунун директору Салтанат Бейшенова, билим берүү тармагынын өкүлдөрү жана мектеп, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин жетекчилери, мугалимдер, 11-класстын окуучулары катышты.

— Иш-чара Салымбеков университетинин президенти А. Жумадилов,  вице-президент, Кыргыз-Америка  онкологиялык лабораториясынын негиздөөчүсү, АКШнын “Кюрелайн” биотехникалык лабораториясынын Борбордук Азия боюнча куратору Р. Абдылдаев,  Америка Технологиялар Институтунун негиздөөчүсү, 15 жылдан ашык Facebook, Instagram,  UBER сыяктуу ири компанияларда ага инженер болуп эмгектенген Э. Бильгазиев, Салымбеков университетинин проректору А. Казаков сыяктуу ийгиликтүү инсандардын шыктандыруучу баяндамаларынын негизинде  өткөрүлдү.  Анда XXI кылымдагы универсалдуу билимдер, STEAM багытындагы билимдин зарылдыгы, жасалма интеллект, тайм менеджмент, коммуникативдик жөндөмдөр боюнча окуучулар үчүн шык берүүчү баяндамалар жасалып,  кайтарым байланыш жүргүзүлдү, — дейт бөлүмдүн кызматкери  Элизат Сатыбалдиевна.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер