ЗАЛКАР ЖАЗУУЧУГА АРНАЛДЫ

  • 09.12.2022
  • 0

Заманыбыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө жана 12-декабрь — Улуттук адабият күнүнө карата Аксы районундагы Үмөталиев атындагы орто мектепте иш-чаралар өтүлө баштады.

ЗАЛКАР ЖАЗУУЧУГА АРНАЛДЫ

Бул багытта бүгүн 11-класстардын кыздардын «Жалжалым» жана жигиттердин «Жаабарс» командаларынын ортосунда кызуу таймаш жүрүп, ал кызыктуу суроолор, ыр-бийлер, табышмактуу сүрөттөр, сахналык көрүнүштөр менен коштолду.
Жыйынтыгында, 126 упай менен жигиттердин «Жаабарс» командасы жеңишке жетти.  Залкар жазуучуга жана Улуттук адабият күнүнө арналган бул иш-чара кыргыз тили жана адабияты мугалимдери тарабынан даярдалып, жогорку деңгээлде өттү.

Узен АТАКАНОВ, Аксы району

Бөлүшүү

Комментарийлер