ӨЗ ТАЛАНТЫҢДЫ КИРЕШЕЛҮҮ КЕСИПКЕ АЙЛАНТ!

  • 07.05.2026
  • 0

Графикалык дизайн, IТ, мода жана курулуш багыттары боюнча билим берүү

№89 КЕСИПТИК ЛИЦЕЙ — КАЙДА БАРЫП ОКУУ КЕРЕК?

Ар бир жаш бүтүрүүчү мек тепти аяктагандан кийин “кайда барып окуу керек?” деген суроого жооп издейт. №89 кесиптик лицейи — кесип үйрөнүп, кыска убакытта ишке орношууга мүмкүнчүлүк берген ишенимдүү окуу жай. Бул жерде заманбап жана талап кылынган адистиктер боюнча билим алууга болот.

ӨЗ ТАЛАНТЫҢДЫ КИРЕШЕЛҮҮ КЕСИПКЕ АЙЛАНТ!

9-классты бүткөндөр үчүн (2 жыл):

Жалпы курулуш иштеринин устаты. Электр жана газ менен ширетүүчү, болот жана темир бетон конструкцияларын монтаждоочу — бул кесип курулуш жана өндүрүш тармагында эң керектүү адистиктердин бири. Ширетүүчүлөр ар дайым суроо-талапта болуп, жакшы айлык таба алышат.

Кийим дизайнери — мода дүйнөсүнө кызыккан жаштар үчүн. Бул адистик чыгармачылык менен иштөөгө, жаңы үлгүлөрдү жаратууга жана жеке бренд ачууга мүмкүнчүлүк берет.

Ашпозчу, официант — коомдук тамактануу тармагында иштөөгө багытталган кесип. Даамдуу тамак жасоо жана кардарларды тейлөө көндүмдөрү үйрөтүлөт.

Web жана мультимедиалык тиркемелерди иштеп чыгуучу — заманбап IT багытындагы кесип. Сайттар, колдонмолор жана санариптик продуктыларды түзүүнү үйрөнөсүз.

Графикалык дизайнер — жарнама, социалдык тармак жана басма иштери үчүн дизайн түзгөн адис. Бул кесип да чыгармачылык менен технологияны айкалыштырат.

11-классты бүткөндөр үчүн (10 ай):

Тигүүчү, ашпозчу — кыска мөөнөттө кесип үйрөнүп, тез арада ишке орношууга мүмкүнчүлүк берет.

ӨЗ ТАЛАНТЫҢДЫ КИРЕШЕЛҮҮ КЕСИПКЕ АЙЛАНТ!

Лицейдин артыкчылыктары:

— аттестат жана ЖРТ тапшыруу мүмкүнчүлүгү;

— диплом (кыргыз, орус, англис тилдеринде);

— эмгек китепчеси (иш стажы менен);

— стипендия;

— жатакана.

Бюджеттик негизде окуган окуучуларга сабактардан жетишүүсүнө жараша стипендия төлөнөт.

Сабактарынан «5» деген баага окуган окуучуларга 300 сом,

«4» жана «5» деген баага 250 сом,

«4» деген баа га 200 сом өлчөмдө стипендия төлөнөт. Алыстан келип окуган окуучуларга акысыз жатакана жана тамак менен камсыз кылынат. Окуу мезгилинде балдар аскер кызматынан бошотулат.

Керектүү документтер:

—арыз;

— билим тууралуу документ (оригинал);

— медициналык маалымкат №086-У;

— паспорт же туулгандыгы тууралуу күбөлүк (көчүрмө).

Туура тандоо — ийгиликтин башаты! №89 кесиптик лицейи сизди келечекке жетелейт.

Жалал-Абад облусу, Кара-Көл шаары, Сабиров көчөсү, 11/2 Директор: 0500 (777) 18 39 21

Кабыл алуу комиссиясы: @professional.lisey

Бөлүшүү

Комментарийлер