ӨЗҮН ЖАНА ӨЗГӨЛӨРДҮ ЖЕҢГЕН ТОКТОКАН ЭЖЕЙ

  • 17.09.2020
  • 0

Жашоодогу стереотиптер күнүмдүк турмушка канчалык таасир этерин энергетиктер шаарчасынын эң сыймыктуу агартуучусу Токтокан Чокоева өз башына кыйынчылык түшкөндө билди.

Кылым тогошор жыл мектеп дегенде ичер ашын жерге койгон элеттик мугалимдин эч эсинен кетпейт. Капилет келген кырсыктан мурдагыдай ойлогон жерине жете албай, кыял-ою менен гана чабыттап, керебетте жатып калды.

— «Эл оозунда элек жок» деген туура экен. «Эми жолдошу таштап кетет», «Балдары карай алар беле!» дегендер да болуптур.
Бирок уул-кыздарым, жолдошум жанымда тикеден тике турушту. Өзгөчө жолдошума ыраазымын. Эки бутума протез салдырабыз деп бир жарым жылдай убара болду, — дейт эже.

Сөзүн бөлбөй угуп жаттым.

— Бир жолу жер титиреп калды. Анда өкмөттүн эки кабат тамында турчубуз. Жолдошум жумушунан чуркап келип, мени көтөргөн бойдон тепкичтен ылдый жөнөдү. Карасам, кошуналар баары карап туруптур. Уялып кеттим. Ошондон кийин жер тамга көчтүк. Эки бөлмөлүү чакан үй бара-бара беш бөлмөлүү гүлгө оролгон керемет үйгө айланды, — деди эже аракетчил жолдошуна ыраазы болуп.

Мен бактылуу жубайлар тарбиялаган балдардын таалим-тарбиясына кызыктым.

-Ооруканада жатканымда үч уулум, эки кичинекей кызым ыйлап турушту. Өзгөчө балдарым мага кайрат айтышып: «Апа, Сиз каалагандай болсун! Сиз каалаган кызга үйлөнөбүз! Өлбөңүз!» дешти. Үчөөсү тең айткан сөзүнө турушту. Ошентип үч акжолтой келиндүү болдум. Улуусу менен ортончусунун төрттөн баласы бар. Кичүү уулум Ханты-Мансийск деген жерде РЭСте чоң кызматта эмгектенет. Анын эки уулу бар. Келинчеги да жакшы жумушта иштейт. Кыздарым экөө тең жогорку билимдүү,  эл кызматында иштеп жүрүшөт, — дейт бактылуу эне.

ӨЗҮН ЖАНА ӨЗГӨЛӨРДҮ ЖЕҢГЕН ТОКТОКАН ЭЖЕЙ

Бекем эрки, сабырдуулугу, токтоолугу менен башкаларды таң калтырган Токтокан Чокоева сыркоолоп калганда гана эмгектен оолак болуп калбаса, башка учурда бир да күн, бир да саат бош отурган жок.

— Эски үйдө турганда жолдошум күн сайын жумушка баратып, бактын көлөкөсүнө түшүрүп койчу. Анан колуман келгенди токуп олтурам. Курак курайм. Жип ийрийм.  Бара-бара «Үйрөтүңүз» деген кыздар көбөйө баштады. Бир күнү шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы «Өнөрүңүздү жаштарга  үйрөтүңүз!» деп келиптир. Ошентип, Кара-Көл шаарындагы Чыгармачылык үйүндө иштеп калдым. 2003-жылдан тартып Балдардын чыгармачылык үйүндө «Токуу» ийримин жетектеймин. Мурда элдик мотивде кийиз менен иштесем, азыр окуучуларыма шуру менен иштегенди үйрөтүп жатам, — дейт устат.

ӨЗҮН ЖАНА ӨЗГӨЛӨРДҮ ЖЕҢГЕН ТОКТОКАН ЭЖЕЙ

«Мугалим — мөмөлүү дарак» демекчи, узчулук өнөрдү кастарлаган мугалимдин үч окуучусу абройлуу фестивалда ЮНЕСКОнун сертификатына татыктуу болушкан.

Эмгекчил эжей өткөндөгү карантинде да бош отурбаптыр. Билгенин жаштар менен бөлүшкөнүн айтат.

— Пандемияда окуучуларыма розанын жалбырагын шурудан тизип жасоону үйрөттүм. Кайтарым сабакта окуучулар өз колу менен жасаганын көрсөтүп жатышты. Отуздай окуучумдун арасынан шыктуулары азыр эле байкалып калды, — дейт эжей.

Чыгармачыл мугалимдин өзүнүн да таланты бир топ. Жаштайынан ырга, кара сөзгө жакын. Аңгеме, ырларын Фейсбук колдонуучулар жакшы билишет. Сөзүбүз куру болбосун, өнөрлүү инсандын ата-энесине арнаган бир ырына орун берели.

Эч ким жокто ырдап берчү апакем,

Эң бир назик мукам үнүн чыгарып.

Узун чачын ороп жатып колума,

Арбалчумун бал уйкунун торуна.

 

А атакем эрте кетип кеч келчү.

«Эл кишиси” деп коюучу чоң энем.

Уйку аралаш үнүн уксам атамдын,

Күлүп коюп тынч уйкуга батчу элем.

 

Ата-энемдин басып кеткен изи менмин.

Айтылбаган акыл-сөзү, иши менмин.

Бүтүрбөй кеткендерин улантуучу,

Ата-энемдин калтырган мурасы мен.

 

ӨЗҮН ЖАНА ӨЗГӨЛӨРДҮ ЖЕҢГЕН ТОКТОКАН ЭЖЕЙ

Токтокан эжей ата-энесине өтө ыраазы. Экөөсү бирдей эл оозуна алынган советтик-партиялык кызматкерлер болушкан. Ак эмгеги бааланып атасы Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган экен. Азыр сүрөтчү Жусуп Матаев тарткан атасынын портрети үйүнүн төрүндө илинип турат.

ӨЗҮН ЖАНА ӨЗГӨЛӨРДҮ ЖЕҢГЕН ТОКТОКАН ЭЖЕЙ

Элеттик мугалим ыр жазып калганын таятасынын бир тууганы Бекназар куудулдан көрөт.

— Ал таятам кичинекей сербейген сакалы бар өңү серт киши эле. Көкүрөгү тешик болчу. Баламын да, ошону таңыркап карап отурсам, оозума түкүрүп койду. Ызаланып ыйлап жатам, апама оозумду жуудуруп жатам!  Антпей койсом болмок экен. Көрсө, Бекназар таятам учурунда айтылуу Шаршенди жеңген чоң куудул болуптур. «Сен Кыргызстандын эркеси болсоң, мен Кетмен-Төбөнүн текеси болом!» деп Шаршендин аркасына шап жармашып алат.  Айласы кеткен Шаршен «Жеңилдим!» деп кутулган экен, — дейт эже күлүп.

Ушул жерде каарманыбыздын эң мыкты сапатын айтпай кетпесек болбойт. Ал бирөөдөн жардам сураганды түк жактырбайт.

— Бир да кишиге, бир да уюмга жардам сурап кайрылган жокмун. Бир колясканы Майыптар коомунун президенти он жыл илгери берди. Дагы бирин Орусиядан бир окуучум салып жибериптир, — дейт эжей.

Бирок каарманыбызды  көпчүлүк атуулдардын мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын күнүмдүк маселелерине кайдигер мамилеси, аларды жаратман атуул катары кабыл алууга коомдун даяр эместиги түйшөлтүп келет.

— Бизде  бир жагы акылы жетпестигинен, бир жагы акчасы көптүгүнөн мүмкүнчүлүгү чектелгендерге текебер мамиле жасагандар бар. «Байкуш!», «Иштеп эмне кылат, үйүндө эле отурбайбы!», «Ашка жүк, башка жүк болуп, ушулардыкы өттү», «Муну ким карайт экен!» дегенин  укпасам да, көздөрүнөн байкап каламын, -дейт эжей.

Токтокан Чокоеванын темирдей бекем эркине, жашоого, адамдарга карата сүйүүсүнө, балдарга жаңыны үйрөтсөм деген каалоосуна, балдардын келечегине болгон зор ишенимине баа берип олтурдум.

Өнөрү менен жашообузга көрк берип, көпчүлүккө дем-күч тартуулаган мындай руху күчтүү адамдар арабызда көп болсун дейли!

А.Алибеков, «Кут Билим», АКСЕЛСтин «Жамааттар байланышы» программасынын бүтүрүүчүсү (АКШ, Түндүк Каролина, 2010), Жоомарт Бөкөнбаев атындагы адабий сыйлыктын лауреаты (2017)

Бөлүшүү

Комментарийлер