ӨЗҮН-ӨЗҮ ТАРБИЯЛОО ОӉОЙБУ?

  • 06.05.2020
  • 0

ӨЗҮН-ӨЗҮ ТАРБИЯЛОО ОӉОЙБУ?

Коомчулукту жакшы тарбияга, адеп-ахлакка тартуудан өткөн маанилүү иш барбы? Мына ушундай демилгени “Ыйык Ата-Журт” коомдук жаштар фонду да өз колуна алып, “Тарбия баалуулугу жана өзүн-өзү тарбиялоонун зарылдыгы” деген темада 3 сааттык вебинар өткөрүштү.

Вебинардын негизги коногу белгилүү педагог, Баткен облусунун Лейлек районундагы №3 эксперименталдык мектеп-гимназиясынын директору, КРдин эмгек сиңирген мугалими, п.и.к. Гапыр МАДАМИНОВ агай болду. Бул мазмундуу талкууга Казакстандын Назарабаев университетинин профессору Дүйшөн ШАМАТОВ, КБАнын президенти Алмазбек ТОКТОМАМЕТОВ, Оштогу “Жетиген” мектебинин директору, п.и.д. Кыялбек АКМАТОВ, ОшМУнун доценти, п.и.к. Бактыгүл БАЙТИКОВА, Нарын облусунун казысы Мамбетасан ИБРАЕВ жана республикабыздагы окуу жайлардын окутуучулары, ата-энелер, студенттер катышышты.

ӨЗҮН-ӨЗҮ ТАРБИЯЛОО ОӉОЙБУ?ӨЗҮН-ӨЗҮ ТАРБИЯЛОО ОӉОЙБУ?

ӨЗҮН-ӨЗҮ ТАРБИЯЛОО ОӉОЙБУ?ӨЗҮН-ӨЗҮ ТАРБИЯЛОО ОӉОЙБУ?

 

Вебинарда бүгүнкү күндөгү тарбия маселеси абдан орчундуу маселе экендиги, ар бир адам биринчи кезекте өзүн тарбиялоосу зарыл экендиги тууралуу кеп болду. Адам баласынын турумушунда өзүн-өзү тарбиялоо абдан чоң мааниге ээ, ал үчүн биринчи кезекте адам баласында эрк  талап кылынары, тарбияга үй-бүлөнүн, коомдун таасири абдан күчтүү экендиги белгиленди.

Гапыр Мадаминов энелердин, аталардын тарбиясы жолго коюлган болсо, анда баласы да мыкты бала болорун, ошондой келечекке аттанган жаш муунду үй-бүлө курууга окутуу зарылдыгын айтып өттү. “Өзүбүздүн мыкты инсандардын, мыкты үй-бүлөлөрдүн, мыкты энелердин тарбиясын, коомго болгон көз караштарын жайылтышыбыз керек”, — деди.

Ал эми Алмазбек Токтомаметов үй-бүлөлөрдөгү билимге карай умтулуу, китептин таасири жана окуучулардын, ата-энелердин социалдык тармактарга берилип, бири-бирине көңүл бурбай жаткандыгын айтты.

Кыялбек Акматов балдарды учурда шартка байланыштуу уюлдук телефондорго аргасыз байлап жатканыбызды, ошондой эле кыргыз этнопедагогикасындагы бала тарбиялоо маселесине кайрылууга кезек жетип келгендигин белгиледи.

Бактыгүл Байтикова бүгүнкү күндө жаштардын тилдик маданияты бузулгандыгын,  жаш балдардын суицидге көп баргандыгын, айрым ата-энелердин бала тарбиялоодо балага зордук-зомбулук көрсөтүлүп жаткандыгын сөз кылды.

Көйгөйлүү маселелерди чечүү боюнча: баланы эркин тарбиялоо менен кошо аны китепкөйлүккө, ыймандуулукка тарбиялоо, бала менен баарлашуу, ата-энелердин миграциялап, балдарын таштап кетүүсүн азайтуу ж.б. сыяктуу бир топ сунуштар айтылды.

Угуучулардан Гапыр Мадаминовго көптөгөн суроолор берилди. Катышуучулар “Энелер мектебинин” баа жеткис тажрыйбасын жайылтуу, энелерди тарбиялоого өзгөчө көӊүл буруу, үй-бүлөдөгү таалим ишине бул ишке аталарды да тартуу, бүтүндөй коомчулукту ойготуу зарыл экендиги айтылды.

Бактыгүл Байтикова, “Кут Билимдин” сырт кабарчысы

Бөлүшүү

Комментарийлер