“Өз мектебиңди колдо!” билим берүү марафону

  • 19.09.2024

Билим берүүнүн 100 жылдыгынын алдында Кыргызстандагы эң мыкты мектепти таңдоонун жыйынтыгын чыгаруу менен бирге өнүктүрүү жана билим берүү тармагында кызыкдар тараптардын тажрыйба алмашуусуна аянтча болгон билим берүү марафону өткөрүлөт.

“2023-2024-окуу жылындагы мыкты мектеп” таңдоосунун катышуучуларына сыйлык тапшыруу 30-сентябрда К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде уюштурулат.

Белгилей кетсек, быйыл мыкты мектепти тандоого 122 окуу жай катышып, Жалал-Абад облусундагы Тогуз-Торо районунун Т. Мойдунов атындагы жалпы билим берүү уюму алдыга чыккан.

Аталган иш-чара  мыкты мектептердин алдыңкы тажрыйбаларын, билим берүү жана башкаруу ыкмаларынын үлгүлөрүн жайылтуу максатында уюштурулган.

Эгер, сиз билим берүүнүн өнүгүшүнө кызыкдар жана окуган мектебиңиздин материалдык-техникалык базасын жакшыртууну кааласаңыз  “Өз мектебиңди колдо!” билим берүү марафонунун челленджине катышсаңыз болот.

Өз мектебиңизди колдогуңуз келсе, анда фото же видеолорду социалдык тармактарда #myktymektep2024  же  #өзмектебиңдиколдо хештеги менен бөлүшүңүз.

“Өз мектебиңди колдо!” билим берүү марафону

Бөлүшүү