ӨЗҮБЕКОВ УЛАНБЕК НАСЫПБЕКОВИЧ (1974 — 2020 )

  • 25.05.2020
  • 0
ӨЗҮБЕКОВ УЛАНБЕК НАСЫПБЕКОВИЧ     (1974 — 2020 )

ӨЗҮБЕКОВ УЛАНБЕК НАСЫПБЕКОВИЧ     (1974 - 2020 )

Өзүбеков Уланбек Насыпбекович 1974-жылы Нарын облусунун Кочкор районундагы Эпкин айылында төрөлгөн. 1980-1990-жылдары Эпкин орто мектебинде билим алган. 1998-жылы Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин “Филология ” факультетин бүтүрүп, эмгек жолун Кочкор районундагы Ак-Талаа орто мектебинде мугалим болуп иштөө менен баштаган. 2000-2004-жылдары Ара-Көл орто мектебинде окуу бөлүмүнүн башчысы, 2004-2005-жылдары Эпкин айылындагы Асыранбек Мааткеримов атындагы орто мектебинде окуу бөлүмүнүн башчысы, 2008-2010-жылдыры Чолпон айылындагы Корчубек Акназаров атындагы орто мектебинде директор, 2010-2017-жылдары Эпкин айылындагы Асыранбек Мааткеримов атындагы орто мектебинде директор болуп эмгектенген. 2017-жылдын 5-апрелинен тартып Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенип келген.

Өзүнүн жөнөкөйлүгү, кичипейилдиги жана ишке болгон жөндөмдүүлүгүнүн натыйжасында көптөгөн сыйлыктарга тактыктуу болгон. “Билим берүүнүн мыктысы”, «Профсоюз уюмунун отличниги», Улуттук тил комиссиясынын “Кыргыз тили” төш белгиси, ошондой эле облустук, райондук мекемелердин ардак грамоталары жана башка көптөгөн сыйлыктар менен сыйланган.

Өзүбеков Уланбек Насыпбекович өзүнүн жыйырма эки жылын билим берүү тармагында иштеп, анын ичинде он эки жылын жетекчилик кызматтарды аркалаган. Районубузда билим берүү тармагынын өнүгүүсүнө зор салымын кошкон. Жаштарды туура тарбиялоодо жана билим деңгээлин көтөрүүдө бир топ алгылыктуу иштерди жасаган эмгектери менен Уландын элеси жалпы билим берүү тармагынын кызматкерлеринин элесинде сакталып кала бермекчи.

Кочкор районунун билим берүү тармагынын жалпы жамааты Өзүбеков Улан Насыпбекович үй-бүлөсүнө, жакын туугандарына көңүл айтат жана азасын тең бөлүшөт.

Бөлүшүү

Комментарийлер