ЫЗГААРДАГЫ ЖЫЛУУЛУК

  • 07.02.2018
  • 0

26-январдан баштап  аба-ырайынан чукул өзгөрүшүнө байланыштуу жана  Бишкек шаарындагы борбордук жылуулук тармагынын аварияга учурашынан улам 5-февралга чейин окуучулар эс алууга чыгышкан. Бирок борбор калаабыздагы  №1 гимназия-интернаты №71 мектеп-интернаты менен биргеликте окуу процессин токтотушкан жок.  Себеби №1 гимназиясы Бишкек шаардык жылуулук башкармалыгынан  газ аркылуу жылытылат. Ошондуктан №1 гимназиянын базасында эки мектеп-интернаты чогуу окууну улантууну туура көрүштү.

ЫЗГААРДАГЫ ЖЫЛУУЛУК

Бул жагдай боюнча №1 А.Каниметов атындагы  гимназия-интернатынын директору Нуркалый Байматов төмөндөкүдөй маалымат берди.

ЫЗГААРДАГЫ ЖЫЛУУЛУК

  • Шаар боюнча эки мектеп-интернаты бар. Бири биздин  №1

А.Каниметов атындагы  интернат-гимназиясы. Бизге Бишкек шаардык жылуулук башкармалыгынан  газ аркылуу жылуулук берилет. Ал эми Тоголок Молдо атындагы №71 мектеп-интернаты борбордук жылуулук тармагы тарабынан тейленет.   Ошондуктан бул мектеп-интернаты температуралык режим сакталбаганына байланыштуу жабылууга дуушар болгон. Электр энергиясынын үзгүлтүккө учурашынан улам, мектеп-интернаты үчүн  бул күндөр оор болду. Ушундай жагдайда 199 баланы гимназия-интернататыбызга  убактылуу жайгаштыруу туурасында бизге сунуш келип түшкөн. Биздин жамаат тез аранын ичинде сүйлөшүп,  группаларды кошуу менен 199 орунду даярдап бердик.  Бир жума бою чогуу жашадык. Балдарыбызга жакты, бири-бири менен жакшы байланышта, таанышта болуп калышты. Концерт жана спорттук оюндарды уюштурушту. Мындай  байланыштарды мурда деле  өткөрсөк болмок, бирок убакыт тартыштыгынан улам ишке ашыра албай келгенбиз. Ал эми бири-бирибизге болгон  мындай мамилебиз, камкордугубуз дайыма болуп турушу керек, — дейт директор.

ЫЗГААРДАГЫ ЖЫЛУУЛУК

Бул  аралыкта  окуу процесси үзгүлтүккө  учураган эмес.   Күндүз эки нөөмөттө сабактар өткөрүлүп, түнкүсүн он эки тарбиячы балдар менен бирге болуп, толук кандуу иш алып барышкан.

ЫЗГААРДАГЫ ЖЫЛУУЛУК

Дилбара Үсенбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер