ЫЙЫК ТАРЫХТАН ГЛОБАЛДЫК БОРБОРГО ЧЕЙИН
- 30.10.2026
- 0
Чолпон-Ата шаарынын шаардык макамга ээ болгондугунун 50 жылдыгына карата «Чолпон-Ата – дүйнө тааныган шаар» аттуу республикалык илимий-практикалык конференция Кыргыз Республикасынын №2 мамлекеттик резиденциясында өтүүдө.
Конференциянын негизги концепциясы — курорттук айылдан башталып эл аралык маанидеги маданий-туристтик борборго чейинки Чолпон-Ата шаарынын тарыхый жолун, өнүгүү багыттарын ар тараптан илимий негизде изилдөө. Иш-чаранын алкагында төмөнкү маанилүү багыттарга көңүл бурулат:
* Тарыхый-маданий мурас жана иденттүүлүк: Шаардын жана анын тегерегиндеги аймактардын ыйык тарыхы, белгилүү инсандары, руханий мурасы, ошондой эле аймактагы маданий эс тутум менен «Манас» эпосунун манасчылык салты.
* Топонимика жана лингвистика: Чолпон-Ата жана Ысык-Көл районунун топонимиясы, микротопонимдери, лингвистикалык-этимологиялык талдоолор, тилдик чөйрө жана көп тилдүүлүк маселелери.
* Экология, туризм жана шаар куруу: Ысык-Көлдү саркынды суулардан тазалоо жолдору, ичүүчү суунун сапаты, экологиялык туризм концепциясы жана курорттук агломерация катары өнүгүү өзгөчөлүктөрү.
* Руханий-маданий баалуулуктар: Аймактан чыккан илимпоздордун, тилчилердин эмгектери, көлдөн чыккан жети акенин осуяттары жана аларды тасмага тартуу демилегелери.
Конференциянын соңунда тийиштүү резолюция кабыл алынып, катышуучуларга сертификаттар тапшырылат.
Нурлан КЫДЫКОВ, «Кут Билим»







