ЮНИСЕФ БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИНЕ ГИГИЕНАЛЫК КАРАЖАТТАРДЫ ТАПШЫРДЫ

  • 06.01.2021
  • 0

ЮНИСЕФ Билим берүү жана илим министрлигине 56 647 литр суюк самын тапшырды. Каражаттар мектеп жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын ачылышында көмөк көрсөтүү жана COVID-19 жайылышын алдын алуу максатында берилди.

Билим берүү министрлиги суюк самын каражаттарын райондук билим берүү бөлүмдөрү аркылуу өлкөдөгү мектеп жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарына жөнөтөт.

“Билим берүү жана илим министрлигине 56 647 литр суюк самын каражаттарын бергенибизге кубанычтабыз. Каражаттар Кыргызстандагы мектеп жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын коопсуз ачылышы үчүн профилактикалык иштерди жүргүзүү жана вируска каршы күрөшүү үчүн колдонулат”, — деди ЮНИСЕФтин билим берүү жана саламаттык сактоо бөлүмүнүн башчысы Геррит Маритц.

Билим берүү жана илим министрлиги аркылуу өткөн жылдын декабр айында өлкөдөгү билим берүү уюмдарына дээрлик 33 000 литр антисептикалык каражаттар берилген.

ЮНИСЕФ ар бир бала үчүн гигиеналык шарттарды камсыз кылуу максатында Кыргызстандын Өкмөтү кызматташуусун улантып келет.

КР ББИМдин басма сөз кызматы

 

Бөлүшүү

Комментарийлер