ЮНИСЕФ БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИНЕ АНТИСЕПТИКАЛЫК КАРАЖАТТАРДЫ БЕРДИ

  • 04.12.2020
  • 0

ЮНИСЕФ Билим берүү жана илим министрлигине 32965 литр антисептикалык каражаттарды тапшырды. Каражаттар мектеп жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын ачылышын колдоо жана COVID-19 жайылышын алдын алуу максатында берилди.

ЮНИСЕФ БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИНЕ АНТИСЕПТИКАЛЫК КАРАЖАТТАРДЫ БЕРДИ

Билим берүү министрлиги антисептикалык каражаттарды райондук билим берүү бөлүмдөрү аркылуу өлкөдөгү мектеп жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарына жөнөтөт.

“Билим берүү жана илим министрлигинин Кыргызстанда мектеп жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын коопсуз ачылышы үчүн жасап жаткан аракеттерине кошулганыбызга кубанычтабыз. Балдар коопсуз чөйрөдө классташтары, мугалимдери менен чогуу окууну жактырарына үмүттөнөбүз”, — деди ЮНИСЕФтин билим берүү боюнча адиси Марико Като.

ЮНИСЕФ БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИНЕ АНТИСЕПТИКАЛЫК КАРАЖАТТАРДЫ БЕРДИ

 

Билим берүү жана илим министрлиги ЮНИСЕФке көрсөтүп жаткан колдоосу үчүн ыраазылык билдирди. Өз кезегинде Марико Като ар бир бала үчүн гигиеналык шарттарды камсыз кылуу максатында ЮНИСЕФ Кыргызстандын Өкмөтү менен мындан ары дагы кызматташуусун улантарын белгиледи.

КР ББИМдин басма сөз кызматы

Бөлүшүү

Комментарийлер