ЮНИСЕФ 400 МЕКТЕПКЕ ГИГИЕНАЛЫК КАРАЖАТТАРДЫ БЕРДИ

  • 18.10.2021
  • 0

ЮНИСЕФ Билим берүү жана илим министрлигине өлкөнүн 400 мектеби үчүн гигиеналык каражаттарды өткөрүп берди.

Бүгүн, Бүткүл дүйнөлүк колду жууп-чайкоо күнүндө, Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине өлкөнүн бардык аймактарындагы 400 мектептин окуучулары үчүн гигиеналык каражаттарды өткөрүп берди. Колду жууп-чайкоо үчүн 32 тонна суюк самын жана 28 тонна санитайзер, ошондой эле гигиеналык каражаттарды өлкөнүн өтө муктаж болгон мектептерине жеткирип берүүгө кетчү транспорттук чыгымдар COVID-19 пандемиясынын шарттарында мектептерде коопсуз билим берүү процессин камсыздоо боюнча министрликтин иш-аракеттерин колдоонун алкагында ЮНИСЕФ тарабынан каржыланды.

ЮНИСЕФтин колдоосу менен билим берүү уюмдарынын суу менен жабдылышын, санитардык жана гигиеналык жактан тазалыгын былтыркы баалоонун жыйынтыктары суу менен жабдууга, санитарияга жана гигиенага жетүү мүмкүнчүлүгү, анын ичинде балдардын гигиеналык каражаттарга жетүү мүмкүнчүлүгү, ошондой эле COVID-I9 профилактикасы боюнча коштоочу мааылматтык материалдар менен камсыздоо маселелерине көбүрөөк көңүл буруу зарылчылыгын көрсөттү.

 КР БИМ басма сөз кызматы

Бөлүшүү

Комментарийлер