ЫСЫКТАН КАНТИП КОРГОНОБУЗ?

  • 17.07.2026
  • 0

Социалдык тармактарда Кыргызстанда 14-июлда башталган аномалдуу ысык аба ырайы 18-июлга чейин узарарын билдиришүүдө. Расмий маалыматтар боюнча айрым аймактарда абанын температурасы +43 градуска чейин жетиши мүмкүн.

Буга байланыштуу саламаттык сакчылары жарандарга ысык өтүүдөн сактануу үчүн коопсуздук чараларын көрүү кеңешин берет.

  • пахта, зыгыр же жибек сыяктуу табигый кездемелерден тигилген жеңил жана кенен кийимдерди кийүү;
  • башты ачык түстөгү баш кийимдер менен коргоо;
  • мүмкүнчүлүк болсо көлөкөдө болуу жана саат 11:00дөн 16:00гө чейин күн нурунан качуу;
  • сууну үзгүлтүксүз ичип туруу;
  • алкоголдук ичимдиктерден баш тартуу;
  • мүмкүн болушунча салкын жайда болуу;
  • Эгерде ысык жайда болуп калсаңыз, бат-баттан суу ичип, дененин ачык жерлерин суу менен муздатып турган жакшы жардам берет.

Ысык организмге кандай таасир этет?

Адистер абанын температурасы жогору болгон кезде, айрыкча, желдетүү жок жерде, тар бөлмөлөрдө болуудан баш тартып, организмге физикалык күч келген кыймыл-аракеттерди жасоодон алыс болууну сунуштайт. Күн нуру жок жерде да ысык өтүп кетиши ыктымал. Мисалы, желдетүүсү начар, үп бөлмөдө, автоунаада же коомдук транспортто ошондой кырдаал жаралышы мүмкүн. Дененин температурасы көтөрүлгөндө кан тамырлар кеңейип, кан басымы төмөндөйт. Ал эми жүрөк катуураак иштөөгө мажбур болот. Организм тердөө аркылуу муздаганга аракет кыла баштайт, бирок тер менен кошо сууну жана тузду жоготот. Бул ысык өтүп кетүү коркунучун жаратат.

Ашыкча ысып кетүүнүн негизги белгилери:

  • баш айлануу;
  • жүрөк айлануу;
  • алсыздык;
  • баш оору;
  • булчуңдардын тырышуусу;
  • катуу тердөө;
  • аң-сезимдин тумандоосу;
  • эстен тануу.

Эгер дененин температурасы +40 градустан ашса, организм өз алдынча муздай албай калышы мүмкүн. Бул күн өтүү коркунучун жогорулатат.

Күн өтүү менен ысык өтүүнүн айырмасы эмнеде?

Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун адиси Лира Маданбекованын айтымында, күн өтүү күн нурунун баш жана денеге узак убакыт таасир этишинен улам келип чыгат. Ал адамда мээнин кан тамырларынын кеңейишинен улам баш айлануу пайда болуп, мурун канап, көңүлү айланып, кээде кусуп, эсин жоготуп койгон учурлар да болорун эскертет.

Ысык өтүп кеткен адамга кандай жардам көрсөтүү зарыл?

Адегенде эле адамды салкын жерге которуп, чалкасынан жаткырып, буттарын бир аз көтөрүп коюу сунушталат. Аз-аздан суу ичирип, бетин жана дененин ачык жерлерин суу менен муздатып туруу керек. Эгер адам эсин жоготсо, тилин жутуп албашы үчүн аны капталынан жаткыруу керек.

Андан соң 103 номуруна чалып, тез жардам кызматын чакырыңыздар.

Жайдын аптабында айрыкча карылар, жаш балдар, жүрөк жана кан тамыр оорулары менен жабыркагандар, кант диабети жана башка өнөкөт оорулары бар адамдар өзгөчө этият болгону жакшы.

Айнагүл КАШЫБАЕВА,

“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер