«Ысык-Көлдө жалпы командалык дух»

  • 22.09.2025
  • 0

Ысык-Көлдө мектептин окуу бөлүмдөрүнүн башчылары үчүн өтүп жаткан “Жаңылыктын жарчысы” мастер-тренинги аяктады.

Завучтар мектеп билим берүүсүндөгү заманбап өзгөрүүлөр, аларды башкаруу боюнча кеңири маалымат алышты.

"Ысык-Көлдө жалпы командалык дух"

«Бардыгы 2100 завучтарды окуттук. Мектепте завучтар өзөктүү фигура. Алардын натыйжалуу ишмердүүлүгүнөн мектептин ийгилиги түздөн түз көз каранды. Трансформацияны ишке ашыруудагы тоскоолдуктар, санарип педтехнологияларды башкаруу, лидерлик боюнча кеңири методикалык маалыматка ээ болушту. Андан кийин бир сааттан ашык суроолоруна жооп бердим. Ар бир аймактан келген мугалимдерим менен сүрөткө түшүү сунушун колдодум. Ысык Көлдө жалпы командалык дух, баарлашуу, бири бири менен билим берүү боюнча тажрыйба алмашышты. Ошондой эле эмоциялык чарчоодон дагы аз болсо да арылышты! Алга, кесиптештерим!»,-деп билдирди Фейсбуктан Агартуу министри Догдургүл Кендирбаева. (БК)

Бөлүшүү

Комментарийлер